super.kg logo

Канн кинофестивалында 5 кыргыз тасмасы көрсөтүлөт

 
"Апамды издеп" тасмасынан кадр
"Саякбай" тасмасы
"Мунабия" тасмасы
"Кыргыз-казак бир тууган. Путешествие с бомбой" тасмасы

Канн кинофестивалында кыргыздардын 5 тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы кинематография департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Канн фестивалында "Kazakhstan Cinema" компаниясынын стенди да орун алат. Бул компания 2016-жылы казак кинолорун жайылтуу максатында түзүлгөн. Ал казак тасмалары менен эле чектелбей, тажик жана кыргыз тасмаларын да көрсөтөт. "Kazakhstan Cinema" компаниясы бул фестивалга алгачкы жолу катышып, Орто Азия тасмаларын аталган фестивалга алып чыгып жаткан биринчи компания.

Бул абройлуу эл аралык кино аянтында кыргыздын атынан көрсөтүлө турган тасмалар:

Руслан Акун режиссёрлук кылган "Апамды издеп", Таалайбек Кулмандаев тарткан "Мунабия", Бакыт Мукулдун "Атанын керээзи", Нурлан Абдыкадыровдун "Кыргыз-казак бир тууган" жана Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" кино тасмалары.

Андан сырткары аталган маалыматта, стенддин жүрүшүндө кино ишмердиги менен алектенген эл аралык кино аренасындагы көрүнүктүү адамдар менен сүйлөшүүлөр болору, Орто Азиянын киночуларынын бул аянтка катышуусу бүт дүйнө коомчулугуна Орто Азиянын чыгармачылык талантын көрсөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берери да белгиленет.

Белгилей кетсек, Франциядагы Көгүлтүр жээкте 17-майда башталган фестиваль 28-майга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
19.05.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик болсун Кыргыз киносуна.
19.05.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм
20.05.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атанын керези тасмасына сурот туура эмес коюлуп калыптырго?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: