ЖЫЛНААМА, 19-МАЙ: Орусиялык алып баруучу жана актриса Лера Кудрявцева 46 жашка толду





Алып баруучу азыркы жолдошу Игорь Макаров менен
Орусиялык алып баруучу жана актриса Лера Кудрявцева (өз аты-жөнү Валерия Кудрявцева) бүгүн, 19-майда 46 жашка толду. Ал Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында туулган. Ал ГИТИСти аяктаган. Теледе 1995-жылдан тартып иштеп, Муз-ТВ, ТНТ, ТВ-6 каналдарында "Партийная зона", "Музобоз", "Испытание верности" жана башка берүүлөрүн алып барган.
Жеке жашоосу:
Лера Кудрявцева 1990-жылы "Ласковый май" тобунун музыканты Сергей Ленюкка турмушка чыгып, андан уул төрөгөн. Бирок көп өтпөй ажырашып кетишкен. Экинчи ирет 2004-жылы Матвей Морозов аттуу ишкерге турмушка чыгып, бирок бул ирет да анын үй-бүлөлүк бактысы көпкө узаган эмес.
2013-жылы хоккейчи Игорь Макаров аттуу жигитке турмушка чыккан.
19-майдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.