super.kg logo

Ош шаарында акын, дастанчы Жолболду Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси өткөрүлдү

 

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Зинагүл Нуралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, акындын мааракесине калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Маданият, маалымат туризм министрлигинин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.

"Акындын 70 жылдык салтанатында ал тарбиялаган таланттуу окуучулары тарабынан ыр, бий тартууланды. Мындан сырткары салтанаттын катышуучуларына акын өзү комуздун коштоосунда ырдап берди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Жолболду Алыбаев Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү дастанчы, ырчы, обончу, композитор, акын катары чыгармачылык менен алпурушуп келет. Акындын аткаруусунда "Чолпонум, "Көк сулуу" дастандары коомчулукка тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.05.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонумду келиштирип ырдаган да.
20.05.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атам раматылык өттө жакшы көрүп укчуу азыр менда ырларын уксам атам эсиме келет жанымда отургандай сизге өмүр тилейм бар болуңуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: