Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарында алтын медалга ээ болду








Бүгүн, 21-майда Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда 58 килограммга чейинки чен бирдикте Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова финалда үй ээсинин спортчусу менен кез келип, аны 5:2 эсебинде утуп алды. Тыныбекова бул жеңиши менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына төртүнчү алтын медалды алып келди.
Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 4 алтын, 4 күмүш, 7 коло медаль бар.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда финалга чыгып, индиялык спортчу Сарита менен кез келген. Тыныбекова 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды жеңип алган. Муну менен ал экинчи ирет Азия чемпиондугун багынтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
15

Кыргыз элинин сыймыгысын.
Саясатчылар башы м.н жерге кирсин.
Кыргыз эли сени м.н! Келечекте дунйо чемпиону деген даражага ээ бол.