super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-МАЙ: Орусиялык актриса, алып баруучу Лариса Гузеева 58 жашка толду

 
Лариса Гузеева апасы менен
Лариса Гузеева азыркы күйөөсү Игорь Бухаров менен

Советтик жана орусиялык театр жана кино актрисасы, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Лариса Гузеева Оренбург облусунда төрөлгөн. Актриса катары Эльдар Рязановдун "Жестокий романс" тасмасындагы ролу аркылуу белгилүү болсо, "Кел, үйлөнөбүз!" долбоорунда көп жылдардан бери алып баруучу катары таанылган.

Лариса Гузеева жашоосундагы эң кымбат адамы - апасы экенин айтуудан тажабайт.

"Ата-энесинен эрте ажырап, эки сиңдисин, мени жалгыз багып, эрезеге жеткирген менин эң кымбат адамым - апам. Ал адам бар мен эч нерседен кыйналган жокмун. Сиңдилерине, апама бир пальто, бир бут кийим болуп, кыйналып иштеген учурда да мени эч нерседен кем кылган жок. Ар бир жетишкен ийгилигим, балдарымды татыктуу тарбиялаганым - анын эмгеги", - деп айтып келет алып баруучу.

Жеке жашоосу:

Актриса 3 жолу никеге турган. Биринчи күйөөсү менен "Атаандаштар" тасмасын тартуу учурунда таанышып, баш кошушкан. Бирок күйөөсү баӊгизатын колдонгондуктан бат эле ажырашып кеткен. 1991-жылы филолог Каха Толордавага турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда уулу бар. Бирок бул нике да көпкө узаган эмес.

Үчүнчү жолу Гузеева 1999-жылы Игорь Бухаров аттуу мырзага турмушка чыгып, 2000-жылы кыздуу болгон.

23-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: