super.kg logo

Айчүрөк Иманалиева: "Анжелика, сага жолуктурган күнгө наалат айтам. Цирктеги сынакта кантип биринчиликти алганың, Кытайдагы кылыгың тууралуу айта турган болсо, сөз көбөйүп кетет"

 

Бүгүн, 23-майда Айчүрөк Иманалиева бир кезде өзү тарбиялап өстүргөн Анжелика тууралуу пикирин айтып чыкты. Ал SUPER.KG`ге эмне үчүн ушунча убакыт өткөн соӊ баарын айтып чыкканын түшүндүрдү.

"Ушунча элдин алдында апасы экөө кошулуп, мени каралагандан кийин унчукпай коё албадым. Чынында ушундай ызы-чуудан аябай тажап кеттим. Ага жолуктурган ошол күнгө азыр наалат айтам. Өз үйүмдөн жай берип, балдарыма көрсөтпөгөн камкордукту көрсөтүп, бир топ азаптар менен тарбияласам, акыры мага сыйы ушул болду. Ошол учурда мен кыйналып өстүрүп жатканда азыркы акыл айтып кыйын болгондор кайда эле? Мен ыр талашпайм, ырлар толтура. Болгону кардыма эмес, кадырыма күйүп жаткандыктан баарын ачык айтып, жарылууга туура келди", - дейт Айчүрөк Иманалиева.

Айчүрөк Иманалиеванын өздүк баракчасына жазган билдирүүсү:

"Анжелика, сен менин баламдай элесиң, мен сени атаандаш катары санабайм".
Мен сенин жеке жашооң тууралуу ушул убакка чейин унчукпай келгем. Ушунча элдин алдында мени каралаганыңдан кийин апаң кошулуп мен сени улуу кишилерге тааныштырган деген сөзүңөрдөн кийин гана үн катууга мажбур кылдыңар. Кыскасын айтканда, экинчи энең катары колуңдан жетелеп келип сахнага чыгарып, элге таанытканыма, азыркы жашооңдун түптөлүшүнө салым коштум эле "рахматыңды" жакшы айттың.

Анжелика, сен менин айткандарымды 100 пайыз калп деп жатасың. Баары чындык экенин өзүң жакшы билесиң, сени түшүнөм, актаныш үчүн айтылгандардын баарын калпка чыгаруудан башка аргаӊ жок. "Көргөн жерден чуркап барып, бетинен өөп учурашам" дейсиң, кептин баары эл бар жерде болуп жатпайбы. Эл көрүп турганда чуркап келип учурашып, эл жок жерде жөөлөп өтүп, тымызын кылгылыкты кылгандан кийинки бетимден өпкөнүңдүн кереги жок го деп ойлойм. Мен илгери эле китеп жазып анын ичинен сага да орун берип, сен тууралуу жакшы көз ирмемдерди жазгам. А сен китепче жаздың, мени сыйлаганың чын болсо устатым эле деп бир ооз сөз жазып койдуңбу? Сенин тымызын кылган кылыктарыңды бирден жазбай эле коёюн, өзүң жакшы билесиң. Мени таарынтып, ачуулантып, нааразы кылып аткан ошол кылыктарың экенин да билесиң. Калп эле акчага шылтай бербе. Албетте, акча баарына керек, а бирок биздин мамиледеги тикенек сенин калп сүйлөгөнүңдөн, айлакер, куулугуңдаң, энеңдей болсом да батынып кол көтөргөнүңдөн жаралганын эсте. Адамды акча менен эмес, ак пейил, жылуу мамиле менен ыраазы кылганды үйрөнгүн. Бул менин сага улуу эжең катары берген кеңешим болсун.

Аркамдан болсо ушагыңды токтотпойсуң. Айтканыңды айтпадым деп танмай сага тийиштүү сапат, Анжелика. Жети жашыңда колума келдиң, ошол кезди азыр эстейсиңби? Мен жасагандарымды милдет кылган жокмун, бирок "унутчаак" болсоң эсиңе салайын. Ал кезде мен сага көңүл бургандай, өз балам Аргенге да көңүл бурбагам. Алгачкы клиптериңди тарттырдым, ырларыңды жаздырдым. Ыр асмандан түшө калбасын билип аткандырсың. Сөзүн жазганга, обонун жаратканга, аранжировкасын жасаганга, деги койчу баары акча. Ага ылайыктуу костюм - бул да бир топ каражатты талап кылат. "Бул акчага кызыма ыр жаздыралы" деп же апаң бир сом акча чыгарганбы? Жок! Өзүмдүн кызымдай эле тапканымды сарптап, сенин элге алынышыңа колумдан келген күчүмдү жумшадым. Ырларды радио, телеканалдарга таратуу да чоң түйшүк экенин азыр сезип жатсаң керек? Ошол учурда азыр сени жандап, мактап, мага кыр көрсөтүп жаткан жан-жөкөрлөрүң каякта эле? Өзүм радио-телелерге барып, сенин ырыңды сунуштап чуркаганымдагы кыйынчылыкты, сен эми көчөдөн бир кызды алып, жок талантты бар кылып күчтөп жаратып, атактуу кылып эл алдына чыгарганга аракет жасап көр, анан билесиң.

Элге атың чыгары менен турмушка да чыктың. Ар бир кыздын барар жери күйөө деп бак тиледим. Турмушка чыкканыңдан кийин "эки жыл чогуу иштейли, жер кыдырып концерт коёлу, андан кийин өз алдыңча болсоң бол" деп жайынча айттым. А сен: "Эже, мен такыр эле сахнадан кетем. Урмат ырдабай эле кой, тойлордо ырдаган уят деп жатат, намаз окуйт", - дедиң. Аныңа да макул болдум. Ошол кезде намаз окумакчымын деп оронуп чыга келдиң. Оронгонуңдан да чечип ыргытканың тез болду.

Анан эле "Камбаркан" оркестри менен биргеликте Бакиев Адыл Салиевич жана анын Айбек деген оң колу менен Швейцарияга чогуу кеткениңди уктум. Сахнадан кетем дегениң жөн гана менин эмгегимди тебелеп, өз алдыңча болуу үчүн айткан кезектеги калпың экенин ошондо түшүндүм. Андан кийин деле сахнадан түшпөй ырдап жаттың. Мени алдап ырдабайм дебей, ачык эле сизге иштегим келбейт, кылганыңызга ыраазы болуңуз деп кетсең деле болмок. Эки жыл иштеп бер дегем, ал эки жыл бою иштемек деле эмессиң. Кыргыз өлкөсү анча деле чоң эмес, чоң-чоң шаарларга жылына эки-үч күндөн беш- алты жолу концерт коюу жетиштүү болмок.

Ушундай ирээнжиткен калптарыңдан кийин ачуум менен эмне иш кылып жүргөнүңдү күйөөңө жана массалык маалымат каражаттарына айтам дедим. Ошондон эки жума өтпөй машинабызды талкалап, жолдошум экөөбүзгө кол салуулар болду. Мага телефон аркылуу "Анжелика жөнүндө эми бир сөз айтсаң балдарыңды өлтүрүп кетебиз. Алдагы Аргениңди баӊгизаты менен түрмөгө тыгып эки кулагын, башын кесип пакетке салып алып келип беребиз" дешти. Коркконубуздан экинчи уулум Арленди бир жыл чет мамлекетке качырдык. Ошондогу мен көргөн күндү сага каалабайм, Анжелика!

Американы ачып жатам дебейм, сөз кезеги келгенде айтайын, сени ал убакта Адыл Бакиев менен Айбек "колдоп" жүргөндүктөн арыз жазганыма карабай, көңүл бурулган жок. Кийин гана бийлик алмашканда, күнөөлүүлөр табылды. Апаң балдардан акча алып, "отказной" жазгансың деп атат. Ооба, жазганым чын. Чыңгыз деген бала тааныштарды ортого салып сүйлөшөлү деп чакырды. Алар мага "эже, өзүңүздүн эле кыз, эмне кыл дейсиз эми, балдарды чыгарып бериңиз. Талкаланган машинаңызга, дары-дармекке кеткен чыгымды төлөп берели" деген сөзү сөз бойдон калды. Апаң айткан былчыйган акчаны Кудай турат бир тыйынын көргөн да, алган да жокмун.

"Кенедей кезден коюнуңда жүрүп, чак түштө чаккан жыландан сакта" болгонун билип, "жыландын" кылыгынан жаш жигиттер менен жаман-жакшы көрүнүшпөй эле коёлу дедим. Бирөөлөргө кол көтөрүүгө заказ бергениң, өзүңдүн кол көтөргөнүңө барабар! А көралбастык дегенди айтпа, мен ич күйдүүлүк кылчудай чоң ийгилик жараткан жоксуң. Сенин азыр мактанып жүргөн чүпүрөк-чапырагың менден калган. "Сен мени көрө албайсың" дегениңе таң калдым. Сен менин баламдай элесиң, мен сени эч качан атаандаш катары санабайм.
"Эмнеге үнүм жок болсо ырдаткансыз?" деп социалдык желедеги баракчаңа жаздың, сөз убагы келгенде айтпасаң, сөз атасы өлөт демекчи, жооп берейин, мында сенин айыбың жок, аны апаңдан жакшылап сура. Ошол кезде топтогу балдар Анжеликаны ала берели деп туруп алышкан. Жамааттын ою мен үчүн ар дайым чоң роль ойноп келген. Көрсө, мен концерттен кийин мейманканада калып калганымда, топтогу эркек балдарды апаң коноктоп, колго алган экен...

Бир күнү апаң аябай капа болуп келди "Таласта жакындарыбыздын тоюна Анжелика ырдасын" деп суранып туруп алышты. Макул болуп эл алдына чыгарып койсом, кызым ырдабай көпкө чейин күлүп тура берди. Бир убакта музыканын ыргагына түшө албай, бир куплет бир нерсени обону жок эле сүйлөп салды. Бул эмнеси?" деп аябай ыйламсырады. Ошондо боорум ооруп "мектепти бүткөнүңдөн кийин Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайына жиберем. Балким, сенден жакшы актриса чыгар" дегем. Же аны да унуттуңбу? Кийинчерээк үнү ачылып кетеби дегем, бирок ачылбаган бойдон калды.

Элдин батасы менен алып келгенимден кийин орто жолго таштап коюуга элдин кишиси катары адамдык намысым жол берген эмес. Эгер чынында эле үнүң укмуш болсо, эл аралык сынактарга барып байгелүү орундарды алып келип жаткан таланттуу ырчыларга окшоп сен эмнеге сынактарга барбайсың? Эмнеге Кыргыздын атын даңазалап желегин желбирете албайсың? Фонограмма менен ырдап, жалтырак чүпүрөктү жамынып ырдап коюш оңой. Ал эми жаштарды таптап, чет жерге чыгып алдынкы орунду алып келүү башка нерсе. Биздин Маданият министрлиги реформа жасап, той болобу, концертпи фонограмманы жоюп салса, сенин азыркыдай мага тастаңдаганыңды көрөт элем.

Ырчылык өнөр - бул жылтырап кийинип келип өчүк микрофон менен оозуңду кыймылдатып коюп жылдыз болуу эмес. Өзүңдү-өзүң ашкере мактап, интернет баракчаңа чүчкүргөнүңө чейин бөлүшө берип көп адамды ирээнжитип алганыңды өзүң байкабай калдың. Бүгүнкү күндө интернет баракчаңда жазылган туура эмес пикирдин баарын менден көрүп жатасың. Мен элдин баарын сага каршы үгүттөй албайм, өздөрүнүн пикирин жазган адамдарды мен деп ойлогонуңа жол болсун.
Гулина апаң "кызымды килтейген кишилерге салып берерде күйөөгө берип салдым" деп жатат. Ал киши ыраматылык Мухтар Өмүракунов эмес беле. Анда сен 7-8-класста окучусуң. Москвага поезд менен концертке Назми, Сапар болуп чогуу баратып Мухтар менен телефондон сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшүп жатканыңды угуп, Назми экөөбүз бири-бирибизди карап тоңуп калганбыз. Мен ошондо билдим экөөңөрдүн жакшы мамиледе экениңерди.

Мухтар дос менин чыгармачылыгымды сыйлап бизди чакырган деп эле ойлогонбуз. Көрсө, иштин маңызы башка жакта экен. Өспүрүм кыз мындай чоң адамдар менен мамиле кылат деп миң уктасам түшүмө кирген да эмес. Бир күнү Мухтар чалды: "Анжелика мага чалып ооруганын айтты, үйүн билбейт экенмин көрсөтүп барып келчи", - деп. "Кызы ооруп жатса Айчүрөк бир басып келген жок деп айтат, жүр досум көрүп келели" деди. Болгону ошо. Кыскасы, энеңдей болуп камкордук көргөн мага кылган мамилеңди өзүң териштир. Эгер, албетте, абийир соту деген сенде жашаса.

Буга чейин да ырларымды ырдадың, "Эжекемдей боломун" деген ырымды концертиңде кыздарыңа ырдаттың. Ошол кезде мамилебиз начар болсо да наристелер үчүн чын жүрөгүмдөн сүйүнүү менен кабыл алдым. 19 жылдан бери аткарып келген "Жар-жар" ырын ырдап чыкканыңда мейличи деп унчуккан жокмун. Эми "Махабат көлү" деген ырымды жаздырып чыктың. Бир ооз эле телефондон "эже, ушул ырды ырдайын деп жатам” деп койсоң, мен кантип жок дейин. Менин аткаруумдагы ырларымды Съездбек Искеналиев, Асема, Асел Кадырбекова, Айгерим Расул кызы жана Алиса деген жаш кыз уруксат сурап эле жакшынакай ырдап жүрүшөт. Анан да бул кылыгыңды айтып койсом "бул ырды сиз ырдадыңыз беле, ырдасаңыз кана видеосу же аудиосун көрсөтүңүз" деп талап кылып чыктың.

Сен ушунчалык элдерди ишендирип сүйлөгөн жагынан алдыңа киши салбайсың. "Махабат көлүн" ырдаган эмессиң, кана болсо көрсөтчү деп мага асылганыңда мен өзүмө-өзүм ишенбей чын эле ырдаган эмесминби деп да ойлоп кеттим. Радиолорго барып архивден таап келгиче жаман акыбалда калдым. Мени ушунча кылып жатасың, сырттан карап турган адамды жөн эле ишендирип коюшуң кеп эмес.

Анжелика, сен мага "Мен жөнүндө жазганыңыз 100 пайызт калп жана "Махабат көлүн" сиз ырдаган эмессиз, бул да калп" дедиң. Сен менин репертуарымдагы бардык ырларды билем десең жаңылышасың, анткени мен популярдуулукка жеткен кезде сен жалаяктагы ымыркай болчусуң, алтыным. Айтыла турган сөз көп, сени башкалар алыстан билишет, алыстан жакшы адамга окшошорсуң. Башка бирөөнүн баласын бапестеп өстүрүп, атын таанытып анан анын ыраазычылыгына жүрөк ооруткан мамилени алуу оор экенин сен эч убакта билбейсиң. Анткени эч убакта башка бирөөнүн баласын өз балдарыңдан өйдө коюп, көңүл буруп, өстүрө албайсың.

Кыскасы, жасай турганыңдын баарын жасадың, кыларыңды кылдың, эми тастаңдап мени менен ыр талашпа. Мен сен жөнүндө эчак эле унуткам, сен да мени жана менин репертуарымдагы ырларды унутуп сал. Эгер мен чын эле силер айткандай жаман адам болсом, сен ошол жаман адамдын репертуарындагы ырларын ырдабай эле кой. Бирок муну да кылбай коё албайсың. Себеби сен үчүн адамдык касиет эмес, акча бийик турат. Жогоруда сен тууралуу айтылгандар мен билген фактылардын жарымы гана. Цирктеги өткөн сынакта кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсо, сөз көбөйүп кетет. Мен сага тийишпеген соң, сен да менден алыс бол".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(158)
24.05.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанылык жок зеригип жаттык эле 1 жума зерикпейбиз эми. Эми Анжеликанын романын окуйлучу
24.05.2017. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жетим бала асрасан оозун мурдун кан болот жетим коозу асрасан оозун мурдун май болот экен! ХХХ Балдарындын бактына бар бол эсинди таап дагы деле кеч эмес
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-24 09:58:30
24.05.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Okna, Анжеликанын куйоосунун акыбалы Кандай болуп жатат экен,чон кишилер мн Роман курганын окуп алып
baboskin түзөттү 2017-05-24 02:29:21
24.05.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мынтип жазып отурбай кичинекей татынакай кино чыгарсаныз болмок экен Айчурок эже. темасы деле бар экен. " Анжеликаны сырлары" баары кыргыз кормок.
24.05.2017. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
butun.kg,татынакайбы))))
24.05.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айчурок эже биз уктап тургуча циркти кытайды айтң эми ушунча болду эртең розыгрыш деп жүрбөй
Ң
24.05.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Узун экен аран окуп буттум ошондо Бакиев аралашып кетиптир го .Бала кезде китеп окугам Чоочун Киши деген ошондой эле жазыптыр.Телак керек болсо жазып койгула керек деп кайтарам
24.05.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми кыздарынын ДНКсын текшертип ит болбосо болду
24.05.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Вай тооба мен ойлогондой болуп чыкты Анжелика.Чынында ырдай албайсын чырайына баа берем бирок жылжыйып куло бергенинден тунулом кулгон адамдан тунул деген соз бар
24.05.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанда жаны сериал старт алыптырда эми экинчи сериаяларын кутуп бале болобуз.
24.05.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчылык эмес моделдик кесип жаращат.
24.05.2017. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мал арыгын баксан озу мурдун май болот киши арыгын баксан озу мурдун кан болот дегенде болуптурда анжелика эми толка мал багат киши бакса ответинен коркот мендей чыгып калса деп
24.05.2017. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжеликада ун жок бул чындык, канча жылдан бери сахнада журот бир дагы популярдуу ыры жок.
24.05.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунуктуу
24.05.2017. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баары тажатып, айласы калбаганда, куйгонунон айтып жатат го Айчурок эже. Эхх! Эмне дейбиз сизге сабыр, Анжеликага ынсап берсин. Анжеликаны жаман коргондор аябай коп экенине ынандым. Бирок ото-ото хитрая. Сизге кылгандары туура эмес. Кудайдын да ага даярдап койгон жазасы бардыр. Сиз кечирип коюнуз аны. Бир кун эмес бир кун ушундай жазасын алат, ошондо окунгонго кеч болот.
24.05.2017. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Комментарий көп экен,укмуштар дүйнөсүнө келгендей болдум)))
24.05.2017. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне учун уну жок ырчыларды сахнадан кетиришпейт маданият окулдору ушуга окшогондорду тазалап сахнадан кетириш керек
24.05.2017. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе деш кыйын буга
24.05.2017. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой тообо Анжелика ушунчалыка бардынбы? Уят эле болупсун карачы устазынды капа кылганың туура эмес да. Жыландын куйругун байкабай тебелеп алыпсын эми өзүңдөн көр. Абийиринди айрандай тогуптур го эжекен өтө капа экен,дагы көрөсүң капалуу эжекенден. Биз сени баалаган таланттуу кыз элең эми кандай болду бул жагы?.
24.05.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эже синдидей болуп чечишип алгыла беш кундук дуйно бул жашоо.
24.05.2017. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айчурок Эже чыныгы ырчы олсо аты калат ел оозунда, Анжеликаны эн тууру айтыптыр Айчурок Эже ун жок популяр жок озунчо геееечке чыгаберет телеге, вампир тиштерин горсотуп Айчурок Эжени ел колдойт ел сыйлайт 200℅
24.05.2017. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анжеликанын апасынын бир гезитке берген интервьюсунан эле танкалгам, кызым куйоо балама караганда коп акча табат, деп темасына бажырайтып жазып койгон экен.Куйоо баласынын беделин тушуруп, антип интервью бербейле койсо болмок. Урматы кандай акыбалда калды кайненесинин интервьюсунан кийин. Устатына кол которгон дегеле кыргызда болгон эмес. Балким Айчурок айымдын адамдык денгээли томондур, бирок таланты жана Анжеликага кылган опол тоодой эмгегин сыйлап, апасындай болгон устатына кол которбосо болм
Shahrizaada түзөттү 2017-05-24 03:12:54
24.05.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айчурок эженин фанаты эмесмин, ырларын деле укпайм, илгерки кызыл гул, роза гулу аттуу ырларынан башка хит болгон деле ырлары эсте жок. Ошентседа адилеттуулук учун устатын колдойм. Анжеликанын сахнадагы азыркы ордуна Айчурок эженин тоодой эмгеги чон, чоочун эле бироону койнуна алып, анын кыял-жоругун оздоштуруп, балдарындын ырыскысынан тен болуп, тен ичиндирип, тен кийинтип эл адамы кылып чыгарыш баарынын эле колунан келбейт.
Shahrizaada түзөттү 2017-05-24 03:19:07
24.05.2017. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иши кылып аман эле болсун. Откондо Дубайдан Миргуля эже туз эфирге чыкканда озун корсоттубу же чын эле орусча айтканда неадекватная айымбы, тушунуксуз айтор. Аябай ирээнжитти коруучулорду, эби жок эле ар кимдин созуно мурдун тыга берип. Эл арасында деле коп жагымсыз создор айтылып журот. Жакшы эмес. Акча козун тумандатып салды биротоло. Жерге жакыныраак журсончу, асмадан куласан аягы жаман болот.
24.05.2017. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу super.kg сайтынын колдонучулары менин ишим эмес бирок, эки адамдын ортосунда болуп жаткан мамилени чон талкууга алганыбыз туура эмес болуп калабы деген ой кетип жатат. Рамазан айы кирип келе жатат баарыбыз нак бололу Ким билет кимдин акыркы орозосу экенин
elaman16 түзөттү 2017-05-24 03:31:14
24.05.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акчасы жок болсо Анжелика эч км. Куйоосуно былжырап баарибир болуш керек сулуулугуна суктанып журо берет
24.05.2017. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжелика Эми НАК Днк тапшырса эле.Эри окуп шок болуп аткандыр.Анжелика кой Эми ырчылыктан кетип эле намаз окусан баары жакшы болот
24.05.2017. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чын чычалайт дейт, экоондо тен айып бар го менимче.Маданият кызматкерлери уят го силерге....
24.05.2017. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика мойнуна Ал эми кылган нерсенди Айчурок эжедей адам таппайсын уят эми кантип эл алдына чыгасын
24.05.2017. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айчурок эже, Анжеликанын кытайдагы кылыктарын күтөбүз)))))
24.05.2017. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Комментарийлер мындан да кызыктуу хе хеее....чынында романды окуп буто алган эмесмин.......азыр окуп коройун десем комментарий кызык болуп кетти....бугун келсе ууу дууу башталат го
24.05.2017. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кытай сыр болуп кетет экенда эми
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: