super.kg logo

Айчүрөк Иманалиева: "Анжелика, сага жолуктурган күнгө наалат айтам. Цирктеги сынакта кантип биринчиликти алганың, Кытайдагы кылыгың тууралуу айта турган болсо, сөз көбөйүп кетет"

 

Бүгүн, 23-майда Айчүрөк Иманалиева бир кезде өзү тарбиялап өстүргөн Анжелика тууралуу пикирин айтып чыкты. Ал SUPER.KG`ге эмне үчүн ушунча убакыт өткөн соӊ баарын айтып чыкканын түшүндүрдү.

"Ушунча элдин алдында апасы экөө кошулуп, мени каралагандан кийин унчукпай коё албадым. Чынында ушундай ызы-чуудан аябай тажап кеттим. Ага жолуктурган ошол күнгө азыр наалат айтам. Өз үйүмдөн жай берип, балдарыма көрсөтпөгөн камкордукту көрсөтүп, бир топ азаптар менен тарбияласам, акыры мага сыйы ушул болду. Ошол учурда мен кыйналып өстүрүп жатканда азыркы акыл айтып кыйын болгондор кайда эле? Мен ыр талашпайм, ырлар толтура. Болгону кардыма эмес, кадырыма күйүп жаткандыктан баарын ачык айтып, жарылууга туура келди", - дейт Айчүрөк Иманалиева.

Айчүрөк Иманалиеванын өздүк баракчасына жазган билдирүүсү:

"Анжелика, сен менин баламдай элесиң, мен сени атаандаш катары санабайм".
Мен сенин жеке жашооң тууралуу ушул убакка чейин унчукпай келгем. Ушунча элдин алдында мени каралаганыңдан кийин апаң кошулуп мен сени улуу кишилерге тааныштырган деген сөзүңөрдөн кийин гана үн катууга мажбур кылдыңар. Кыскасын айтканда, экинчи энең катары колуңдан жетелеп келип сахнага чыгарып, элге таанытканыма, азыркы жашооңдун түптөлүшүнө салым коштум эле "рахматыңды" жакшы айттың.

Анжелика, сен менин айткандарымды 100 пайыз калп деп жатасың. Баары чындык экенин өзүң жакшы билесиң, сени түшүнөм, актаныш үчүн айтылгандардын баарын калпка чыгаруудан башка аргаӊ жок. "Көргөн жерден чуркап барып, бетинен өөп учурашам" дейсиң, кептин баары эл бар жерде болуп жатпайбы. Эл көрүп турганда чуркап келип учурашып, эл жок жерде жөөлөп өтүп, тымызын кылгылыкты кылгандан кийинки бетимден өпкөнүңдүн кереги жок го деп ойлойм. Мен илгери эле китеп жазып анын ичинен сага да орун берип, сен тууралуу жакшы көз ирмемдерди жазгам. А сен китепче жаздың, мени сыйлаганың чын болсо устатым эле деп бир ооз сөз жазып койдуңбу? Сенин тымызын кылган кылыктарыңды бирден жазбай эле коёюн, өзүң жакшы билесиң. Мени таарынтып, ачуулантып, нааразы кылып аткан ошол кылыктарың экенин да билесиң. Калп эле акчага шылтай бербе. Албетте, акча баарына керек, а бирок биздин мамиледеги тикенек сенин калп сүйлөгөнүңдөн, айлакер, куулугуңдаң, энеңдей болсом да батынып кол көтөргөнүңдөн жаралганын эсте. Адамды акча менен эмес, ак пейил, жылуу мамиле менен ыраазы кылганды үйрөнгүн. Бул менин сага улуу эжең катары берген кеңешим болсун.

Аркамдан болсо ушагыңды токтотпойсуң. Айтканыңды айтпадым деп танмай сага тийиштүү сапат, Анжелика. Жети жашыңда колума келдиң, ошол кезди азыр эстейсиңби? Мен жасагандарымды милдет кылган жокмун, бирок "унутчаак" болсоң эсиңе салайын. Ал кезде мен сага көңүл бургандай, өз балам Аргенге да көңүл бурбагам. Алгачкы клиптериңди тарттырдым, ырларыңды жаздырдым. Ыр асмандан түшө калбасын билип аткандырсың. Сөзүн жазганга, обонун жаратканга, аранжировкасын жасаганга, деги койчу баары акча. Ага ылайыктуу костюм - бул да бир топ каражатты талап кылат. "Бул акчага кызыма ыр жаздыралы" деп же апаң бир сом акча чыгарганбы? Жок! Өзүмдүн кызымдай эле тапканымды сарптап, сенин элге алынышыңа колумдан келген күчүмдү жумшадым. Ырларды радио, телеканалдарга таратуу да чоң түйшүк экенин азыр сезип жатсаң керек? Ошол учурда азыр сени жандап, мактап, мага кыр көрсөтүп жаткан жан-жөкөрлөрүң каякта эле? Өзүм радио-телелерге барып, сенин ырыңды сунуштап чуркаганымдагы кыйынчылыкты, сен эми көчөдөн бир кызды алып, жок талантты бар кылып күчтөп жаратып, атактуу кылып эл алдына чыгарганга аракет жасап көр, анан билесиң.

Элге атың чыгары менен турмушка да чыктың. Ар бир кыздын барар жери күйөө деп бак тиледим. Турмушка чыкканыңдан кийин "эки жыл чогуу иштейли, жер кыдырып концерт коёлу, андан кийин өз алдыңча болсоң бол" деп жайынча айттым. А сен: "Эже, мен такыр эле сахнадан кетем. Урмат ырдабай эле кой, тойлордо ырдаган уят деп жатат, намаз окуйт", - дедиң. Аныңа да макул болдум. Ошол кезде намаз окумакчымын деп оронуп чыга келдиң. Оронгонуңдан да чечип ыргытканың тез болду.

Анан эле "Камбаркан" оркестри менен биргеликте Бакиев Адыл Салиевич жана анын Айбек деген оң колу менен Швейцарияга чогуу кеткениңди уктум. Сахнадан кетем дегениң жөн гана менин эмгегимди тебелеп, өз алдыңча болуу үчүн айткан кезектеги калпың экенин ошондо түшүндүм. Андан кийин деле сахнадан түшпөй ырдап жаттың. Мени алдап ырдабайм дебей, ачык эле сизге иштегим келбейт, кылганыңызга ыраазы болуңуз деп кетсең деле болмок. Эки жыл иштеп бер дегем, ал эки жыл бою иштемек деле эмессиң. Кыргыз өлкөсү анча деле чоң эмес, чоң-чоң шаарларга жылына эки-үч күндөн беш- алты жолу концерт коюу жетиштүү болмок.

Ушундай ирээнжиткен калптарыңдан кийин ачуум менен эмне иш кылып жүргөнүңдү күйөөңө жана массалык маалымат каражаттарына айтам дедим. Ошондон эки жума өтпөй машинабызды талкалап, жолдошум экөөбүзгө кол салуулар болду. Мага телефон аркылуу "Анжелика жөнүндө эми бир сөз айтсаң балдарыңды өлтүрүп кетебиз. Алдагы Аргениңди баӊгизаты менен түрмөгө тыгып эки кулагын, башын кесип пакетке салып алып келип беребиз" дешти. Коркконубуздан экинчи уулум Арленди бир жыл чет мамлекетке качырдык. Ошондогу мен көргөн күндү сага каалабайм, Анжелика!

Американы ачып жатам дебейм, сөз кезеги келгенде айтайын, сени ал убакта Адыл Бакиев менен Айбек "колдоп" жүргөндүктөн арыз жазганыма карабай, көңүл бурулган жок. Кийин гана бийлик алмашканда, күнөөлүүлөр табылды. Апаң балдардан акча алып, "отказной" жазгансың деп атат. Ооба, жазганым чын. Чыңгыз деген бала тааныштарды ортого салып сүйлөшөлү деп чакырды. Алар мага "эже, өзүңүздүн эле кыз, эмне кыл дейсиз эми, балдарды чыгарып бериңиз. Талкаланган машинаңызга, дары-дармекке кеткен чыгымды төлөп берели" деген сөзү сөз бойдон калды. Апаң айткан былчыйган акчаны Кудай турат бир тыйынын көргөн да, алган да жокмун.

"Кенедей кезден коюнуңда жүрүп, чак түштө чаккан жыландан сакта" болгонун билип, "жыландын" кылыгынан жаш жигиттер менен жаман-жакшы көрүнүшпөй эле коёлу дедим. Бирөөлөргө кол көтөрүүгө заказ бергениң, өзүңдүн кол көтөргөнүңө барабар! А көралбастык дегенди айтпа, мен ич күйдүүлүк кылчудай чоң ийгилик жараткан жоксуң. Сенин азыр мактанып жүргөн чүпүрөк-чапырагың менден калган. "Сен мени көрө албайсың" дегениңе таң калдым. Сен менин баламдай элесиң, мен сени эч качан атаандаш катары санабайм.
"Эмнеге үнүм жок болсо ырдаткансыз?" деп социалдык желедеги баракчаңа жаздың, сөз убагы келгенде айтпасаң, сөз атасы өлөт демекчи, жооп берейин, мында сенин айыбың жок, аны апаңдан жакшылап сура. Ошол кезде топтогу балдар Анжеликаны ала берели деп туруп алышкан. Жамааттын ою мен үчүн ар дайым чоң роль ойноп келген. Көрсө, мен концерттен кийин мейманканада калып калганымда, топтогу эркек балдарды апаң коноктоп, колго алган экен...

Бир күнү апаң аябай капа болуп келди "Таласта жакындарыбыздын тоюна Анжелика ырдасын" деп суранып туруп алышты. Макул болуп эл алдына чыгарып койсом, кызым ырдабай көпкө чейин күлүп тура берди. Бир убакта музыканын ыргагына түшө албай, бир куплет бир нерсени обону жок эле сүйлөп салды. Бул эмнеси?" деп аябай ыйламсырады. Ошондо боорум ооруп "мектепти бүткөнүңдөн кийин Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайына жиберем. Балким, сенден жакшы актриса чыгар" дегем. Же аны да унуттуңбу? Кийинчерээк үнү ачылып кетеби дегем, бирок ачылбаган бойдон калды.

Элдин батасы менен алып келгенимден кийин орто жолго таштап коюуга элдин кишиси катары адамдык намысым жол берген эмес. Эгер чынында эле үнүң укмуш болсо, эл аралык сынактарга барып байгелүү орундарды алып келип жаткан таланттуу ырчыларга окшоп сен эмнеге сынактарга барбайсың? Эмнеге Кыргыздын атын даңазалап желегин желбирете албайсың? Фонограмма менен ырдап, жалтырак чүпүрөктү жамынып ырдап коюш оңой. Ал эми жаштарды таптап, чет жерге чыгып алдынкы орунду алып келүү башка нерсе. Биздин Маданият министрлиги реформа жасап, той болобу, концертпи фонограмманы жоюп салса, сенин азыркыдай мага тастаңдаганыңды көрөт элем.

Ырчылык өнөр - бул жылтырап кийинип келип өчүк микрофон менен оозуңду кыймылдатып коюп жылдыз болуу эмес. Өзүңдү-өзүң ашкере мактап, интернет баракчаңа чүчкүргөнүңө чейин бөлүшө берип көп адамды ирээнжитип алганыңды өзүң байкабай калдың. Бүгүнкү күндө интернет баракчаңда жазылган туура эмес пикирдин баарын менден көрүп жатасың. Мен элдин баарын сага каршы үгүттөй албайм, өздөрүнүн пикирин жазган адамдарды мен деп ойлогонуңа жол болсун.
Гулина апаң "кызымды килтейген кишилерге салып берерде күйөөгө берип салдым" деп жатат. Ал киши ыраматылык Мухтар Өмүракунов эмес беле. Анда сен 7-8-класста окучусуң. Москвага поезд менен концертке Назми, Сапар болуп чогуу баратып Мухтар менен телефондон сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшүп жатканыңды угуп, Назми экөөбүз бири-бирибизди карап тоңуп калганбыз. Мен ошондо билдим экөөңөрдүн жакшы мамиледе экениңерди.

Мухтар дос менин чыгармачылыгымды сыйлап бизди чакырган деп эле ойлогонбуз. Көрсө, иштин маңызы башка жакта экен. Өспүрүм кыз мындай чоң адамдар менен мамиле кылат деп миң уктасам түшүмө кирген да эмес. Бир күнү Мухтар чалды: "Анжелика мага чалып ооруганын айтты, үйүн билбейт экенмин көрсөтүп барып келчи", - деп. "Кызы ооруп жатса Айчүрөк бир басып келген жок деп айтат, жүр досум көрүп келели" деди. Болгону ошо. Кыскасы, энеңдей болуп камкордук көргөн мага кылган мамилеңди өзүң териштир. Эгер, албетте, абийир соту деген сенде жашаса.

Буга чейин да ырларымды ырдадың, "Эжекемдей боломун" деген ырымды концертиңде кыздарыңа ырдаттың. Ошол кезде мамилебиз начар болсо да наристелер үчүн чын жүрөгүмдөн сүйүнүү менен кабыл алдым. 19 жылдан бери аткарып келген "Жар-жар" ырын ырдап чыкканыңда мейличи деп унчуккан жокмун. Эми "Махабат көлү" деген ырымды жаздырып чыктың. Бир ооз эле телефондон "эже, ушул ырды ырдайын деп жатам” деп койсоң, мен кантип жок дейин. Менин аткаруумдагы ырларымды Съездбек Искеналиев, Асема, Асел Кадырбекова, Айгерим Расул кызы жана Алиса деген жаш кыз уруксат сурап эле жакшынакай ырдап жүрүшөт. Анан да бул кылыгыңды айтып койсом "бул ырды сиз ырдадыңыз беле, ырдасаңыз кана видеосу же аудиосун көрсөтүңүз" деп талап кылып чыктың.

Сен ушунчалык элдерди ишендирип сүйлөгөн жагынан алдыңа киши салбайсың. "Махабат көлүн" ырдаган эмессиң, кана болсо көрсөтчү деп мага асылганыңда мен өзүмө-өзүм ишенбей чын эле ырдаган эмесминби деп да ойлоп кеттим. Радиолорго барып архивден таап келгиче жаман акыбалда калдым. Мени ушунча кылып жатасың, сырттан карап турган адамды жөн эле ишендирип коюшуң кеп эмес.

Анжелика, сен мага "Мен жөнүндө жазганыңыз 100 пайызт калп жана "Махабат көлүн" сиз ырдаган эмессиз, бул да калп" дедиң. Сен менин репертуарымдагы бардык ырларды билем десең жаңылышасың, анткени мен популярдуулукка жеткен кезде сен жалаяктагы ымыркай болчусуң, алтыным. Айтыла турган сөз көп, сени башкалар алыстан билишет, алыстан жакшы адамга окшошорсуң. Башка бирөөнүн баласын бапестеп өстүрүп, атын таанытып анан анын ыраазычылыгына жүрөк ооруткан мамилени алуу оор экенин сен эч убакта билбейсиң. Анткени эч убакта башка бирөөнүн баласын өз балдарыңдан өйдө коюп, көңүл буруп, өстүрө албайсың.

Кыскасы, жасай турганыңдын баарын жасадың, кыларыңды кылдың, эми тастаңдап мени менен ыр талашпа. Мен сен жөнүндө эчак эле унуткам, сен да мени жана менин репертуарымдагы ырларды унутуп сал. Эгер мен чын эле силер айткандай жаман адам болсом, сен ошол жаман адамдын репертуарындагы ырларын ырдабай эле кой. Бирок муну да кылбай коё албайсың. Себеби сен үчүн адамдык касиет эмес, акча бийик турат. Жогоруда сен тууралуу айтылгандар мен билген фактылардын жарымы гана. Цирктеги өткөн сынакта кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсо, сөз көбөйүп кетет. Мен сага тийишпеген соң, сен да менден алыс бол".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(158)
23.05.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Анжелика кичине сыйлап койсон болмок Айчурок эжени
Канткен кундо да сени Анжелика кылган Айчурок
23.05.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
Кудай сакта. Бул эмне деген создор... Чынында Анжеликаны жакшы билбейм бирок циркти коргом оз аракети мн еле жеткен. Анан бул кайтаар дуйно дейт. Айчурок чырга жакын аял екен. Чону мн да кичинеси мн да уруша берип жадатты окшойт. Азыркы тушкон абалына откондо Гулнурдун ырын уурдап Гулнурду сыздаткан еле. Мына Эми озунун да башына келиптир. Унчукпай еле койбоптур да. Озунун кадырын кетирбей
23.05.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргызда ! Улууга урмат кылуу,кичууго ызаат деген бар. Оз устаты менен айтышуу.Жол корсоткон улуу кишиге. Соз кайтаруу адепсиздик. Кокус азыркы турмушу болбой калса. Бакыты жанбай калса.Не болор эле? Баары бир чыгармачылык бир нукка салып койгон. Устатына каршылык кылуу. Окунучтуу,уят нерсе. Анжелика Кыргызда айтат: Эсин барда.........Сыйла! Улуу,корунуктуу инсан. Оздон чыккан жат жаман,озоктон чыккан орт жаман деген.Дал ушу! башка Уста шакиртерге сабак болсун! Кыргыз.
23.05.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы, аттуу-баштуу эле айымдар ыйык Орозонун алдында чырыңарды. Азыр башка дагы проблемаларыбыз толуп жатат силердин ушагыңардан бөлөк.
23.05.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Анжелика дайыма жакшы адам болуп,эки жуздуулугу коп адамдарга байкалат.Амалдары жакшы эмес.Айчурок эже конул бурбаныз.Анжелика жылмайып суротко тушсо эле биз аны жакшы деп ойлоп калбайбыз.Коп жылмайган адамдан корк деген бекеринен эмес.Таланты жок экенин баары билет.
23.05.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анжелика Айчурок эжеге эмне кылды эле?
23.05.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Айчурок эже Анжеликаны мен сени тарбиялагам, мен сени анткенмин мынткенмин дептир значит озу ошондой болгон и Анжеликанны да ошентип тарбиялаган.Ырас тарбиянызда экен ошол поезде улуу адам менен суйлошуп баратканын уксаныз эмнеге ошол жерде каттураак кармабадыныз.Жакшы убагында эрге тийип кеткен, а то сиздин тарбияныз ошол болсо чон кишилер менен журуп кетмек.Анан байкуш Анжелика тили кысык болуп калмак,тагдыры да кандай болмок?
23.05.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында "Махабат көлү" ырын Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусунда эч эле укпаптырмын....... Элиза Ажибаева деген айымдын ырдаганын уккам.
23.05.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биротоло кытайдагы кылыгын жазып койбопсуз. Кызык эмне кылды экен?
24.05.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nendi15,
,,,,,,,
Кытайда эмне кылыптыр билгендер айтып койгулачы
Анжеликанын кытайдагы кылыгын мага расса кызык болтат
23.05.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер билип бергилечи сураныч! ФУЧИКА/МОСКВА кочолорунун кесилишинде эмне ызы чуу болтат азыр кечки саат 22:00до
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/189001/
23.05.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А дегилеее
23.05.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Анжелика куйоосунун акчасына ырдап кийинип журотта болбосо эчаак эле кочодо калмак.вапше жакпайт,апасынын акылы жок экен жараштырып койбойбу.
23.05.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ортодо душмандар иритки салдыда.Ушак башталганда эле жолугуп суйлошуп чечишип алса болмок!Айчурок эже мен билгенден кезинде укмуш популярный эле.Анжеликаны анын кызы деп журчуу элем кичинемде.Корсо кызындай кам коргон экенда.Анжелика жаштык кылышы мумкун.Бирок кечирим сурап жарашып алгыла
23.05.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Чындап эле Анжеликанын үнү жок Айчүрөк эженин жардамы менен элге таанылган, бирок ыраматылык Мухтар байке менен суйлошуп жургону ойлонтуп койду.
23.05.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оппа опа жаны сериал
23.05.2017. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тоа кылдым катту жарылдыско
23.05.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Айчурок эже убагында укмуш эле популяр болгон,аракети кучтуу,тырышчаак,коптогон конкурстарга катышкан,байгелуу орундарды ээлеген,калыстарда да отурат,океандын ары жагына барып жургон инсан экенин эл билет
23.05.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Анжелика сен эми Айчурокко эрегишпей,откон кезинди эске салып.кечирим сурап токто,акча деген колдун кири,мин сомун болгуча,мин досун болсун,элдешкиле,бир келген жашоодо абийиринерди тогушпой
23.05.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Энендей аялды аябай катуу нааразы кылыпсын,чындап эле Айчурок эже катуу ызаланыптыр.Анжелика эми сен кийинки санда мындан жаман нерселерди чукушпай эжеден кечирим сурап койсон жакшы иш болмок.Анан айтышып отурсан актангандай эле болосун.Сенин кантип чонойгонун коз алдыбызда,эженин салымы ото чон,кечиримдуу бол
Eleko түзөттү 2017-05-23 22:53:58
23.05.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анжеликада ун жок, туура, бирок Бактылуу айымдан сон сыйлап калдым. Ырдабай эле ошол проектилер менен иштесе да болчудай. Аракетчил Анжелика. Айчурок эже бироонун кемчилигин жашырсаныз Алла таалам сиздин кемчилигинизди жашырат. Туура кылбадыныз.
23.05.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баканы да бассан "бак"дейт экен.Анжелика абийиринди да айрандай того электе кечирим сура устатындан!Анжелика мага да жакпайт!ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-24 10:36:48
23.05.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
madina.87,устаз деп казакча жазыптырсыз,кыргызча эле устат десениз.
23.05.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Анжелика менен Айчурок эже бугун уктабай комментарий окуп чыгышат го. Элдешип алгыла эми . уят болот.
23.05.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сырты жалтырак ичи калтырак тура
23.05.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мухтар Омуракунов актриса Айжан Акылбекованын маркум куйоосу эмес беле?
23.05.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
surgeon777,ошол киши
23.05.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына сага жанылык. Атактуулар ушинтип ирээнжитишет анан элди. Эртен Анжелика айтып чыкпаса болду Айчурок эжебиздин кылыктарын. Уят эле аттуу, баштуу адамдар болгон сон ушунчалыкка жетпей эле коюшса болмок. Буларды биз кантип маданият кызматкерлери дейбиз?
23.05.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчүрөк эже инстаграмда сизге ал суроону мен берген элем,Махабат Көлү ырын ырдаганыңызды укпаптырмын,чын эле ырдаган болсоңуз аудио же видео барбы деп.сиз болсо сразу эле ушу сен Анжелика болушуң керек деп эле каргап шилеп кирдиңиз.менден башкасын деле иши кылып терс комент жазса эле,сен Анжеликасың деп аттыңыз,чооң эле аялга уят да эми.
23.05.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sabyr86, сен ушу Анжелика окшойсун
23.05.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baku88,сен ушу Айчурок окшойсун))
23.05.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
мен ушул Анжеликанын эч бир образованиясы жок эч жерде окубаган деп уктум кантип үнү жок эле ырчы болуп алган. атасы учак айдайт деп уккан элем бирок такыр үнү жокда дагы концертине Айыма Элимасын ырдатканына тан калам.
23.05.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Элдер кайсы жарашуу жонундо соз болуп жатат? Козунорду чон ачып окугулачы. Айчурок: Анжелика мени черныйларга сабатты, уй булонду жок кылабыз деп коркутушту деп жатат. Озунун энесиндей болгон аялга кол которгону ХХХ Куйоно ойношторунду айтып берем дегенда Айчурок ошого аны сабаткан! Мындайлар эч нерсе болбойт. Анжелика до того она хитрая 10 жуздуу жалган болсо дагы ишендирип коет. Жашоо бумеранг.....кылган иштерин озуно кайтсын!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-24 10:39:55
23.05.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХ дүнүйө. Эмне болуп кетти түшүнбөй калдым. Анжеликанын үнү жок бул факт. Айчүрөк эжени сыйлайм.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-24 10:00:54
23.05.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ана сага жанылык,мына сага жанылык!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: