super.kg logo

Актан Рыскелдиев: "Мыкы, карызды бербесең, "Супер-Инфого" интервью берип салам"

 

"Тамашоучу" Актан Рыскелдиев Мыкыны (ред. Мыктыбек Мукаев) убагында "Тамашоуго" жетелеп алып келгенин, күнүгө дюшес, майонез, лепёшка менен бакканын интернеттеги өздүк баракчасы аркылуу айтып чыкты.

"Тамашоучунун" сөзүн өзгөртүүсүз беребиз:

"Мыкы, сен менин инимдей элесиң, мен сени атаандаш катары санабайм. Мен сенин жеке жашооң тууралуу ушул убакка чейин унчукпай келгем. Ушунча элдин алдында мени уят кылгандан кийин гана үн катууга мажбур кылдың. Кыскасын айтканда, экинчи атаӊ катары колуңдан жетелеп келип сахнага чыгарып, элге таанытканыма, азыркы жашооңдун түптөлүшүнө салым коштум эле "рахматыңды" жакшы айттың.

Мыкы, сен менин айткандарымды 100 пайыз калп деп жатасың. Баары чындык экенин өзүң жакшы билесиң, сени түшүнөм, актаныш үчүн айтылгандардын баарын калпка чыгаруудан башка аргаӊ жок. "Көргөн жерден чуркап барып, бетинен өөп учурашам" дейсиң, кептин баары эл бар жерде болуп жатпайбы. Булар гей деп ойлойт деп ойлогон жоксуңбу?!

Убагында 1-класс балдарды жалдап сабатып кеткенсиӊ, эсиңдеби?! Эх, койчу койчу! "Тамашоуго" сени жетелеп алып келип ойноттум эле! Костюмдарыӊды "Дордойдон" алдырып, тамашаларыӊды жаздырган акчаларымды санабай эле коёюн. Күнүгө дюшес, майонез, лепёшка менен бакчу элем. Комеди Баттлга кетип жатканыӊда сүйүнүп узаттым эле. "Жарайт Ситиге" чыгып жатканда жыргадым эле. Эми минтип элдин алдында жаманатты кылып жатасыӊ.

В общем Мыкы, Мыкышка, Мыкыбай, уятыӊ болсо карызды бер. Кайсы карыз деп жатсаң керек. Финалдан кийин трассага, жол киреге деп жалдырап алган 12 сомду бер. Болбосо мыйзам түрүндө сүйлөшөм сени менен", - деп жазган Актан Рыскелдиев.

Ал эми билдирүүсүн "Супер-Инфого" интервью берип сала элегимде карызды бер. Кыргыз элим, ынтымакта бололу! Айчүрөк Иманалиева эже менен Анжелика элдешсин, тынч эле бололу дегендей барбызбы?!" деген сөздөрү менен жыйынтыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(38)
24.05.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Хаха
24.05.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аии)) не болуп кетти деп коем))
24.05.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Жон эле койбопсун ушуну Актанчик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: