super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-МАЙ: 112 жыл мурун атактуу Орус жазуучусу Михаил Шолохов төрөлгөн

 

1905-жылы 24-майда атактуу орус жазуучусу Михаил Шолохов Дондогу Вешенская станциясында төрөлгөн. Атасы уулуна арнап китеп жыйнаган. Алардын ичинде Л.Н.Толстой, Н.В.Гоголь баш болгон бир катар орус жазуучуларынын китептери болгон. Шолоховдун сөз кадырын билип өсүшүнө энесинин эмгеги да зор болгон. Ал эски уламыштарды көп билген сөзмөр адам болгон. Эптеп күн көрүү үчүн Шолоховдун үй-бүлөсү хутордон хуторго, бир станицадан экинчи станицага көчүп жүргөн.

Михаил Шолохов алгач башталгыч мектепте, андан кийин гимназияда бир аз окуган. Анын адабиятка куштарлыгы ошол жылдары артып, бирок жарандык согуштун башталышына байланыштуу Шолохов гимназияны таштоого мажбур болгон.
1926-жылы Шолоховдун "Дон аңгемелери" жарык көргөн. Жаш жазуучу бул аңгемелеринде Дондо жашаган казактардын турмуш-тиричилигин андагы жарандык согуш, кыштактагы улуу өзгөрүштөр жөнүндө баяндаган. Жазуучунун калеминен революциялык доордун бүткүл тарыхый окуяларын кенен камтыган 4 томдуу "Тынч Дон" эпопеясы, кыштак турмушуна улуу өзгөрүш киргизген колхоздоштуруу учурун баяндаган "Көтөрүлгөн дың" романы, согуш трагедиясын көрсөткөн "Адамдын тагдыры" аңгемеси, элдин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигин сүрөттөөгө "Алар Мекен үчүн салгылашкан" романы жана башка мыкты чыгармалар жаралган. Заманыбыздын улуу жазуучусу, Социалисттик Эмгектин эки жолу Баатыры, Лениндик жана СССР Мамлекеттик сыйлыгынын, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты, академик жазуучу Михаил Александрович Шолохов 1984-жылы 21-февралда 78 жашында көз жумган.
24-майга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: