Жалал-Абад облусунун Кербен-Жетиген унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен-Жетиген унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда райондук №-12-жол тейлөө ишканасы Кербен-Жетиген автожолунда оңдоо иштерин аткарууда. Жол куруу иштери үстүбүздөгү жылдын 2-майынан тарта башталган. Айдын аягында жаңы асфальт төшөө менен куруу иштери аяктайт. Оңдоо иштерине 2 миллион сом каралган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Жетиген айылында 840 кожолукта 3 миңден ашуун калк жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:39
2026-03-02
19:20
2026-03-02
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















