super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-МАЙ: Орусиялык ырчы, актриса Кристина Орбакайте 46 жашка толду

 

Орусиялык ырчы, актриса Кристина Орбакайте 46 жашка толду. Ал 1971-жылы 25-майда Москвада төрөлгөн. Атасы цирк артисти Миколас Эдмунтас Орбакас жана апасы белгилүү орусиялык ырчы Алла Пугачева. Ата-энесинин гастролдоруна байланыштуу балалыгы Литвада жана Москвада өткөн.

Биринчи жолу 1978-жылы Кристина "Шайыр ноталар" телеберүүсүндө "Күн жылмаят" аттуу ырды аткарып чыккан. Ага катар эле актёрлук карьерасы да башталып, 1983-жылы "Карачкы" ("Чучело") тасмасына тартылган. Киноактриса катары "Виват, Гардемарины!", "Гардемарины-III", "Кайрымдуулук балы", "Лимита" тасмаларына тартылган. 1995-жылы өзүн театр актрисасы катары сынап, "Кереметтен кийинки дүйшөмбү" аталышындагы спектаклде роль ойнойт. 1996-жылы Орбакайте Алла Пугачева, Филип Киркоров жана Владимир Пресняков менен биргеликте АКШга концерт коюуга чыгышат Ошол жылы күзүндө "Нөл саат нөл мүнөт" аталышындагы альбому чыгат. 2006-жылы Кристина Орбакайте менен Гоша Куценко бирге комедиялык ("Любовь-морковь") тасмага тартылышкан. Андан кийин 2014-жылы "Төрт ханбийкенин сыры" аттуу тасма чыккан. Анда ырчы башкы ролду аткарган. 2013-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Жеке жашоосу.

1986-жылы Владимир Пресняков менен таанышып, жарандык никеде экөөнүн ортосунда 1991-жылы Никита аттуу уул жарыкка келген. 1997-жылы Кристина Пресняков менен эки жолго түшөт. Ырчы ишкер Руслан Байсаров менен сүйүү мамилесин куруп 1998-жылы Дени аттуу уулдуу болгон. Экинчи сүйүктүүсү менен 2003-жылы ажырашкан. Бир жылдан соң Майамиде Михаил Земцов аттуу ишкер менен таанышып, 2005-жылы алар мамилесин мыйзамдаштырган. 2009-жылы Орбакайте экинчи күйөөсү Байсаров менен уулу Денинин артынан соттошуп жүрүшкөн. Байсаров уулун Чеченстанга алып кетип калган. Кийин тараптар сүйлөшүп, өз ара макулдашып алышкан. Уулу апасы менен калган. 2012-жылы Кристина Орбакайте менен Михаил Земцов Клавдия аттуу кыздуу болушкан.

25-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: