super.kg logo
  Саясат  

Талас. Манас күнүнө карата класстык сааттар өтүлдү

 
 Бүгүн Талас шаардык А.Чолпонкулов атындагы №1-мектепте Манас күнүнө карата класстык сааттар өтүлдү. Бул иш-чарага Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Керимбаев Байыш Жээнбекович катышып, окуучуларга ийгиликтерди каалады. Мектептин директору Жарманбетова Самара Урусовна кыргыз элинин сыймыгы болгон "Манас" эпосун келечек муундарга кеңири жайылтуу иретинде Манас сабагынан тышкары мектепте, башка шаардык мектептерде уюшула элек “Манас” көргөзмө залы, Манас кабинети менен тааныштырды. Ошону менен бирге эле кыргыз адабиятынын алпы Ч.Айтматовго арналган Ч.Айтматов көргөзмө залы да бар экенин көрдүк. Директор алдыда Жеңиш күнүнө карата да көргөзмө залын даярдасак деген максаты бар экенин айтып өттү.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: