super.kg logo

Венесуэлада бийликке каршы жүрүп жаткан акцияларда 60 адам каза болгону айтылууда

 

Венесуэлада бийликке каршы жүрүп жаткан акцияларда 60 адам каза болгонун Nacional басылмасы жазып чыкты. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 55.

Басылма жарыялаган тизмеге ылайык, каза болгондордун арасында 3өө укук коргоо органдарынын кызматкерлери (1 улуттук гвардиянын кызматкери, 2 полиция кызматкери) болсо, калгандары жөнөкөй жарандар. Ал эми алардын ичинен 9у 14-18 жаштагы өспүрүмдөр.

Венесуэлада апрель айынын башынан бери массалык нааразылыктар өтүүдө. Алгач сот оппозициялык Улуттук ассамблеянын укуктарын бир топ кыскарткан, бирок чечим кайра артка кайтарылган. Оппозициянын тарапташтары сот мүчөлөрүн отставкага кетирүүнү, мөөнөттөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып чыгышкан. Эми алар уюмдаштыруучулардын жыйынына каршы чыгышууда, алардын оюнда, бийлик муну менен Конституцияны өзгөртүү аракетин жасап жатат.

Башкы прокурордун маалыматына ылайык, акциялардын жүрүшүндө 55 адам каза болуп, миңдей адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.05.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ 3оо дегенин карасан
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-26 10:01:36
26.05.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жамдама сан атоочтордун жазылышын бир карап коюшунуздар керек экен. Сан турундо анан жазуу турундо бириктирип жазганды силерден кордум.
Же жаны орфографиялык эрежелер чыгып кеткенби???
26.05.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оппозиция дагы бийлик дагы (бир эле Венесуэлада эмес бардык эле жерде) жаштарды акча берип, бири-бирине каршы курал катары пайдаланып жатат. Алар учун озу бийликте калса, же бийликке жетип алса болду, максаты бийлик. А калгандарынын омуру ал ыпыластарды ойлондурбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: