super.kg logo

Бишкек шаарынын жашоочулары калаадагы бактардын кыйылышына каршы митингге чыгышты

 

Бишкек шаарынын жашоочулары 30-50 жыл жашаган дарактардын кыйылып жатканына нааразычылык билдирип, Мэриянын алдына чогулушту. Алар колдоруна "Дарактардын кыйылышына каршыбыз" деген плакаттарды көтөрүп алышкан.

Нааразычылыкка чыккандар шаардык мэрия бактарды кыюуда негизсиз иш алып барып жатканын айтып чыгышты.

"Шаардык мэрия жашоочулар менен кеңешип да койбой, жолдорду кеңейтүү шылтоосу менен бактарды кыйып жатат. Эртеңки келечек муундарыбыз булганган аба менен дем алабы? Биз тез аранын ичинде бактардын кыйылуусун токтотууну талап кылабыз", - деп билдирди шаар тургуну Гүлнара Журабаева.

"Балдар булганыч аба менен дем алып аллергияга чалдыгып жатышат. Дагы 10 жылдан кийин ар кандай оорулар көбөйөт", - дейт шаар тургуну Мария Бакирова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
26.05.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолдун жээгиндеги дарактарды кесип жолдорду кенейтуу керек.Ал дарактар каттуу шамалда бироону басып калса митинге чыккандардын бироосу да уйунон чыкпайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: