super.kg logo

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдагы бюджетинин долбоору талкууланды

 

Жогорку Кеӊеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдагы бюджетинин долбоору талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев 2018-жылга карата фонддун бюджети 13 миллиард 27 миллион сом, ал эми 2019-жылга 13 миллиард 274 миллион сом, 2020-жылга 13 миллиард 551 миллион сом көлөмүндө каралып жатканын белгиледи.

“Фонд бюджети негизинен республикалык бюджет менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Андан тышкары бюджеттен түшкөн кирешелерди камсыздандыруу корун толтурууга которуу чарасы сунушталууда", - дейт ал.

Андан сырткары, 2018-жылы фонд тарабынан пайдаланылбай калган каражат калдыгын республикалык бюджетке кайра албастан, камсыздандыруу корун толтурууга которуу сунушу да киргизилип жатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 2017-жылы өлкөнүн жалпы саламаттыкты сактоо тармагына 16 миллиард 278 миллион сом жумшала турган болсо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 12 миллиард 983 миллион сом көлөмүндө каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: