super.kg logo

Турак үйдүн курулушуна каражат бергендер 2013-жылдан бери үйүн ала албай жатышканы айтылды

 

Бүгүн, 26-майда “ИскаСтрой” курулуш компаниясынын кардарларынан түзүлгөн топтун жетекчиси Жылдыз Идинова аталган компанияга 2013-жылы турак үйдүн курулушуна каражат беришкени менен, учурда үйсүз жүрүшкөнүн, каражаттарын кайтара албай жатышканын кабарлады.

Анын айтымында, 120дай адам Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн батир алуу үчүн каражат төлөшкөн. Үй 2015-жылдын аягында бүтмөк.

"Андан бери 2 жыл өтсө да, үйдүн жарымы да курулуп бүтө элек. Турак үй болгону 9 кабаттан турса да, айрымдарга 10-кабаттан батирлер сатылганы маалым болду", - дейт Идинова.

Курулуш компаниянын дагы бир кардары Роман Красавцевдин айтымында, алар курулушу токтоп калган үйдүн жалпы куруу баасынын 80 пайызын төлөшкөн.

“Биз бийликтен укугубузду коргоп, Нарынбек Сариевден акчабызды кайтарууга көмөктөшүүсүн талап кылабыз. Биздин жашаганыбызга же үйүбүз жок, же акчабыз жок”, - дейт дагы бир кардар Байдилде Бүбүзейнеп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.05.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Нарынбек депутат болом деп акчасынын баарын чачкан то есть силердин акчанарды, анан емне болду өтпөй калды еми акчанын онушу кыйын гоо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: