super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 27-МАЙ: 5 жыл мурун бокс боюнча беш жолку дүйнөнүн чемпиону Жонни Тапиа каза болгон

 

Мындан 5 жыл мурун, 2012-жылы 27-майда америкалык профессионал мушкер, бокс боюнча беш жолку дүйнөнүн чемпиону Жонни Тапиа АКШнын Альбукерке шаарындагы үйүндө 45 жашында көз жумган.

Жонни Тапиа 1967-жылы 13-февралда Альбукерке шаарында туулган. Анын акыркы мушташы 2007-жылы 23-февралда болгон. 66 мушташтын 59ун жеңип, 30 ирет каршылашын нокаут менен жеңген. 5 ирет жеңилип 2 жолу тең чыккан.
Жонни Тапиа төрөлө электе эле атасы каза болгон, ал эми мушкер 8 жашка чыкканда энеси Виржиния Тапианы уурдап кетишип, зордуктап, бычак менен бир нече жолу сайып кетишкен. Эс-учун жоготкон Виржиния Тапианы жолдун жээгинен табышкан, ал 4 күндөн кийин ооруканада көз жумган. Мушкер чоң апасынын карамагына калып, 9 жашында бокс менен машыга баштаган. Ал жөн гана сүймөнчүк болсо да, жакшы ийгиликтерди көрсөтө алган. 1983-жылы National Golden Gloves турниринде эң жеңил салмакта чемпион аталган. Ал эми профессионал мушкер катары 1988-жылдын 25-мартынан тарта рингге чыга баштаган. 1990-жылы анын канынан кокоин заты табылып, 3,5 жылга спорттон четтетилген. 1994-жылы рингге кайтып, 1996-жылы чемпиондук титулун коргогон. 1999-жылы ал Поли Айялага жеңилип, өз өмүрүнө кол салган, бирок дарыгерлер аны куткарып калышкан. 2002-2003-жылдары атаандаштарын жеңип, 2005-жылы жаракат алган. 2007-жылы Тапиа баңгизатты көп колдонуп эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 2009-жылы баңгизат үчүн камакка алынган.
27-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: