Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп Канат Садыков шайланды
Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп Канат Садыков шайланды. Бул тууралуу уюштуруучу комитетинин мүчөсү Мирбек Шарабидинов SUPER.KG порталына бүгүн, 27-майда кабарлады.
Маалыматка ылайык, жалпысынан шайлоочулардын саны 1344 болгон.
"Ректорду шайлоого 1344 окутуучунун 1216сы катышты. Канат Садыков 776 добушка, Таалайбек Каракеев 264, Туратбек Суранаев 66 добуш алышты. Жыйынтыгында Канат Садыков шайлоодо жеңип кетти", - деди Мирбек Шарабидинов.
Эскерте кетсек, 6-апрелде мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бүгүн аталган окуу жайдын ректорун шайлоо саат 9:00дө башталып, 17:00дө аяктаган. Ректорлукка 7 талапкер аттанган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:39
2026-03-02
19:20
2026-03-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
barakcha
27.05.2017. 22:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канат Садыков татыктуу!Куттуктайбыз!
Edward.14
27.05.2017. 23:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо биздин ректор!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















