ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчётун угуудан баш тартты
14-майда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчётун угуудан баш тартты. Аталган комитеттин айрым мүчөлөрү өкмөттүн отчёту менен тааныштырган биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге компетенттүү эмес деген сын айтышты. Ал эми комитет жетекчиси Карганбек Самаков "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалыматын да угуу да зарыл. Андан соң отчётту караганыбыз туура болот",- деди. Айта кетсек, учурда өкмөт мүчөлөрү ЖКнын комитеттерине 2012-жылда жасалган иштер боюнча отчёт беришүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

