super.kg logo
  Спорт  

Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу дүйнөдөгү эң кымбат клуб деп табылды

 

Англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу дүйнөдөгү эң кымбат клуб деп табылды. Мындай версияны абройлуу KPMG аудитордук компаниясы өз сайтына жарыялады. Маалыматта белгилүү болгондой, аталган футболдук клуб 3,186 миллиард еврого бааланган. "Манчестер Юнайтед" мындай көрсөткүч менен испандык "Реалды" да басып өттү. "Реал" клубу өткөн жылы ушул эле компаниянын рейтинги боюнча 3,057 миллиард евро деп бааланган. Ал эми 3-орунда испандык "Барселона" турат, анын баасы 2,8 миллиард еврого тете.

Мындан ары немистердин "Бавариясы" (2,5 миллиард евро), англиялык "Манчестер Сити" (2,04 миллиард евро), "Арсенал" (2,02), "Челси" (1,7), "Ливерпуль" (1,4), италиялык "Ювентус" (1,3) жана кийинки сапта англиялык "Тоттенхэм" (1,04) турат.

Изилдөө KPMG аудитордук компаниясы тарабынан финансылык кирешеси жалпыга ачык-айкын жарыяланган Европадагы 32 футболдук клубдун арасында жүргүзүлгөн. Жогорудагы көрсөткүч 2014-жылдан 2017-жылдын 1-январына карата жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы деп белгилөөгө болот.

Эскерте кетсек, 2015-2016-жылдардагы сезондо "Манчестер Юнайтед" Англия чемпиондугунда 5-орунду алып, Англия Кубогунун ээси болгон. Быйылкы сезондо жергиликтүү чемпиондукта 6-орунду алды. Анткен менен "Манчестер Юнайтед" Англиянын Суперкубогунда, Англия Лигасында жана Европа Лигасында жеңип, үч трофейди багынтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
31.05.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АПЛ клубдары баары эле байго.)
31.05.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Челси
31.05.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай менен Дордой кандай экен а ?
31.05.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
banditka,уч жуз торт жуз минут сом болсо керек
31.05.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
banditka, алай менен дордой үчүн 500 берсең 73сом сдачи берет.
31.05.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манчсетер юнайтед дуйнодогу эн бай жана эн кымбат клуб
31.05.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оххооо реалды да басып өттү де.
31.05.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АПЛ байда. 20-орунду алган команда эле. Атлетико. Севиля, Миландардан коп акча алат.
01.06.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ Тоттенхэмдин 40% улушун озубуздукуго...максим бакиев ававыздыкы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: