super.kg logo

Интернетте кызуу талкууга алынган "Албарсты" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү (фоторепортаж)

 
Тартуучу топ
Тартуучу топ

Бүгүн, 31-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында интернетте чуу жараткан, кызуу талкууга алынган "Албарсты" тасмасынын бет ачары болуп өттү. Ага тартуучу топтун өкүлдөрү, атайын чакырылган коноктор жана башкалар катышышты. Тасмада Данияр Байкожоев, Тургунай Эркинбекова, Эльдияр Эркинбек уулу жана башкалар роль жаратышкан.

Режиссёр Бакыт Асылбек уулу аталган тасма тууралуу мындай дейт:

"Албарсты жөнүндө кино тартуу идеясы элдики. Буга чейин бир топ адамдар кино тартабыз деп, бирок ишке ашырышкан эмес. Кыргызда коркунучтуу тасма тартуу жайылган эмес, бирок биз тобокелдикке салып, тартып койдук. Тартканга жараша аны жарнамалоо иштерин өзгөчө жүргүзгөнгө аракет кылдык.

Тартуу учурунда коркуп жаттык, бирок "албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп ырдап жаттык. Ошентип бул ырга айланып кетти. Тасма олуттуу драма болгондуктан албарсты жөнүндөгү тамашалуу ырды кошкон жокпуз. Элге жакса, уландысын да тартабыз", - дейт режиссёр күлүп.

Тасманын режиссёру Бакыт Асылбек уулу

Башкы каарман Данияр Байкожоевдин айтымында, бул анын дебюттук тасмасы.

"Бул менин чоӊ кинодогу дебюттук тасмам. Кинодон эмнени ала алдым? Үй-бүлөнү сактай билүү, ага болгон умтулуу зарыл экенин түшүндүм. Тасма тартуу учурунда коркунуч болгон жок, бирок азыр тасманы көрүп жатып корктум. Албетте, баары оӊой болгон жок, кыйынчылыктар да болду", - дейт актёр.

Актёр Данияр Байкожоев

Ал эми башкы каармандын образын жараткан Тургунай Эркинбекова буларга токтолду:

"Нарында кар кете элек, суук кезде тартылгандыктан кыйынчылыктар болду. Ошол учурда чыгармачыл топ бир үй-бүлөгө айландык. Коркунучтуу учурлар болду. Анткени режиссёрдун, баарыбыздын максатыбыз - көрүүчү тасманы көрүп жатканда коркуп, таасирлениши керек болчу. Мээнетибиз, кеткен кыйынчылыктарыбыз акталды деп ойлойм".

Тургунай Эркинбекова

"Албарсты" тасмасы жаш, балалуу боло албаган түгөйлөр жетим балдар үйүнөн Улан аттуу кичинекей баланы багып алуусунан башталат. Ал бала үйгө келгенден тарта сырдуу, коркунучтуу өзгөрүүлөр сезилет. Күйөөсү өзүн жоготуп, түшүнүксүз жүрүм-туруму менен аялын, багып алган баласын коркута баштаса, кош бойлуу коӊшусу сырдуу өлүм табат.

Башкы каарман бул өзгөрүүнүн баары албарстынын айынан болуп жатканын билип, баласын сактап калуу үчүн колунан келген аракетин кыла баштайт. Жадакалса мүрзөгө чейин барып, кабырга кирет... Бирок ошол учурда анын артынан да өлүм аӊдый баштаган эле...

Тасма эртеӊ, 1-июндан тарта өлкөбүздөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.






"Албарсты" тасмасы элди басты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(16)
31.05.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер.кж кино кандай экен 1ден 10го чейин канча бал берет эленер киного?
31.05.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы окшойт мен коргум келип кети
31.05.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кинон деле албарсты,ырын деле албарсты башка тема жокпу?
31.05.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр баары эле кино деп 1 айда бирдемени тартып кинонун мусору болуп каждый.
31.05.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ronni7, Кинону кучтуу элдик салттык критерийлер менен сындар сынап анан коруучуго откорчу департамент тузулмоюн. Жакшыбы жаманбы кинолор боло берет. Коч бара бара тузолот!
31.05.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Албарыстысы деле басып атат сотору деле басып атат чону деле басып атат депутаты деле бксып атат самалоту деле басып атат багы деле басып кочкусу деле басып атат байкуш карапайым элим басылып жок болгону калды.мен да ыр чыгарсамы деп жатас,Сотор мени басты уууу аааа кайра мен Соторду бастым деп,Кирсен эле тиги тигини сотко берди ал кайра тигини берди тиги кайра сотон арызын алды
31.05.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
daak9191,деп тантып койдуң.
31.05.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
izdeim.seni,кандайча эле татып койдун ушунтип жазкан сен тантык
31.05.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албарсты модадан калды
31.05.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баарынан да мага комент окуган кызык да.....
01.06.2017. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошуна олколордун балдары басканча биздин кыздарды албарсты эле баса берсинчи мен ыраазымын аларга очурет жетбей калабы деген бир сасык ойумда айланайын алтындарым и баса кечее ысыкол жакта албарстынын эркегин талашып урушуптурго бешиктен бели чыга элек кыздар оо кокуй кун эшекти эми унуттук элек эми албарсты чыктыбы
kychan.98 түзөттү 2017-06-01 01:39:35
01.06.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен корбойм бул кинону корсом албарсты мени да басып ит кылат
03.06.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidani,хахаха ошондой болбосун
01.06.2017. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле албарсты каптап олду го
SUPER.KG видео
02.06.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көрүш керек экен
04.06.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйраткан кино болгондур ыры деле айтканга соз барбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: