Жанар Акаев: “Жаш партиялардын түптөлүшүнө колдоо көрсөтүшү керек”
“Жаш партиялардын түптөлүшүнө мамлекет каражат бөлүп жардам бере турган жагдай түзүлүшү керек”, - деди 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев.
Депутат саясий партиялар үчүн босоголук чектин 7 пайыздан 9 пайызга жогорулап жатканынын себебин сурады.
Депутат Мирлан Жээнчороев бул демилге партиялардын биригишине түрткү боло турганын айтты. Ал билдиргендей, өлкөдө 200дөй саясий партия бар.
Жанар Акаев: "Негизи биз парламенттик демократияга өттүк деп жүрөбүз. Парламенттик башкаруунун жолу 5-10 жылда бүтпөйт. Жаңы партияларга көп жактан жол ачып берүү керек. Партиялардын түптөлүшүнө мамлекет тараптан жардам болуусу зарыл. Ошентип акырындык менен парламенттик башкарууга өтөбүз. Мындай чектөө туура эмес", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

