Криштиану Роналду дүйнөдөгү эӊ популярдуу спортчу аталды
Криштиану Роналду


Криштиану Роналду

Леброн Жеймс

Лионель Месси
Дүйнөдөгү эң белгилүү футбол жылдыздарынын бири, Португалиянын жана "Реал Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Криштиану Роналду атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде дүйнөдөгү эӊ популярдуу спортчу аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 31-майда жазып чыгышты.
Экинчи орунду баскетболчу Леброн Жеймс, үчүнчүнү "Барселонанын" оюнчусу Лионель Месси ээлеген.
Спортчулардын популярдуулугун аныктоо үчүн алардын социалдык тармактарына катталган күйөрмандарынын саны, Google тармагында канча ирет изделгени жана кирешелери эсептелген.
Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Криштиану Роналду Instagram социалдык тармагында 100 миллион жазылуучуларды топтогон алгачкы спортчу аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Бир эле кыргыз кыздары эле эмес дуйнонун торт булчунундагы кыздардын баары суйот болуш керек