super.kg logo

ТЕСТ: Балдар дүйнөсүнө сапар

 

Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Кыргыздар байыртан балага өзгөчө мамиле кылат. Бишкекте жана аймактарда бүгүн балдар үчүн атайын майрамдык программалар уюштурулуп, аларга жакшы маанай тартууланып жатат. Балдар темасы боюнча тест сунуштайбыз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Балдардын оор, кооптуу шартта иштөөсүнө мыйзам тыюу салабы?

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 15-беренеси: Баланын ден соолугуна коркунуч туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу, анын ден соолугуна, дене-тарбиялык, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирген кандай болбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.

Кийинки суроо


Ооба
Андай чектөө жок
Майрам күндөрү иштөөсүнө гана тыюу салат

Сүрөттө Аида Салянованын канчанчы кызы?

Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын 1 уул, 2 кызы бар. Сүрөттөгү 2-кызы.

Кийинки суроо


Үчүнчү
Төртүнчү
Экинчи

2017-жылы балдардын жайкы эс алуусуна өкмөт канча акча бөлдү?

Быйыл балдардын жайкы эс алуусуна бюджеттен 5 миллион сом бөлүнгөнүн 25-майда парламентте өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

Кийинки суроо


Акча бөлгөн жок
5 миллион сом
10 миллион сом

"Балалуу үй базар..." Макалды туура вариант менен улантыӊыз...

"Балалуу үй - базар, баласыз үй - мазар".

Кийинки суроо


... балалык өйдө качар
... баласыз үй мазар
... балалык бакыт чачар

"Аттиӊ, артымда туяк калбады". Сүйлөмдүн мааниси эмнени түшүндүрөт?

Кыргыз тили бай тилдердин бири. Жогорудагы сүйлөм "артымда бала калбады" дегенди билдирет.

Кийинки суроо


"Артымда бала калбады" дегенди
"Артымда мал калбады" дегенди
"Артымда эскерчү ишим калбады" дегенди

Балдардын чоӊоюу жаш курагы кезеги менен туура белгиленген вариант кайсы?

Туура жооп - ымыркай, наристе, жеткинчек.

Кийинки суроо


Жеткинчек, наристе, ымыркай
Наристе, ымыркай, жетинчек
Ымыркай, наристе, жеткинчек

Ата-энени "кырк жылкылуу болушуӊ менен" деп кайсы учурда куттуктайт?

"Кырк жылкылуу болушуӊ менен" деп үй-бүлөдө кыз төрөлгөндө куттуктайт. Же кыздын атасы "кырк жылкылуу болдум" деп сүйүнчү айтат.

Кийинки суроо


Баласы үйлөнгөндө
Кызы турмушка чыкканда
Үй-бүлөдө кыз төрөлгөндө

Кыргыздын 6 миллионунчу жараны азыр канча жашта?

Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жараны 2015-жылдын ноябрында жарыкка келген. Азыркы учурда 1,5 жашта.

Кийинки суроо


4 жашта
2,5 жашта
1,5 жашта

Баланын туулганына эмес...

Кыргызда "баланын туулганына эмес, турганына сүйүн" дейт. Бала тарбиялоонун түйшүгүн, жоопкерчилигин туюнткан сүйлөм.

Кийинки суроо


... турганына сүйүн
... акылына сүйүн
... турпатына сүйүн

Сүрөттө кайсы белгилүү саясатчынын кызы?

Сүрөттө Өмүрбек Бабановдун кызы. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо саясатчы шайлоо тилкесине добуш берүүгө кызын ээрчите келген.

Кийинки суроо


Өмүрбек Бабановдун
Канатбек Исаевдин
Бакыт Төрөбаевдин

Сүрөт качан, кайсы жерде тартылган?

Сүрөт 2016-жылдын 1-июнунда Бишкекте Улуттук онкология борборунун Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүндө тартылган. Президент Алмазбек Атамбаев Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аталган ооруканада дарыланып жаткан балдардан кабар алган.

Кийинки суроо


2015-жыл, №3-балдар ооруканасы
2017-жыл, Эне жана баланы коргоо борбору
2016-жыл, Улуттук онкология борбору

Булардын кимиси балдар жазуучусу?

Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев. Анын авторлугу менен жазылган 10 окуу китеп мектепте негизги окуу китеп катары окулуп келе жатат. Алар кыргыз мектептеринин 1-класстарынын "Алиппе" окуу комплекси жана башкалар.

Кийинки суроо


Акбар Рыскулов
Сулайман Рысбаев
Абдылдажан Акматалиев

Кыргызда баласыз өтүп, "Балам жок" деп ыр төккөн кайсы акын?

"Балам жок" - Жеӊижоктун ыры. "...Кайыӊдуу булак Кара-Суу, Каптаса толгон калаа жок. Кадимки журтум ээлерге, Артымдан калган бала жок..." деп ырдаган акын.

Кийинки суроо


Токтогул
Ниязаалы
Жеӊижок

Жентек той деген эмне?

Жентек той - бала төрөлгөндөгү той. Балага байланыштуу бешик той, тушоо кесүү той, сүннөт той дегендер дагы бар.

Кийинки суроо


Бала 1 жашка чыккандагы той
Бала төрөлгөндөгү той
Бала жаӊы баскандагы той

"Балдар - жердин жандуу гүлдөрү" деп ким айткан?

"Балдар - жердин жандуу гүлдөрү" деген сөздүн автору Орус жазуучусу Максим Горький.

Кийинки суроо


Максим Горький
Чыӊгыз Айтматов
Лев Толстой

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
01.06.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 ball
01.06.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 балл(((билип алдым ошентсе да.
ekaterinburg түзөттү 2017-06-01 14:11:36
01.06.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74балл Кыздарды тааныбайт экем
zalkar577 түзөттү 2017-06-01 14:18:46
01.06.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80% саясатчылардын балдарын тааныбайт экенмин жана мамлекет акча болгонун балдар учун
01.06.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл, эки ката жооп болуп калды. Женижоктун баласы жок экенин жана окмот балдардын жайкы эс алуусуна акча болгонун билбейт экем
01.06.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
47 балл, уят эле билбейт экенмин)
01.06.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
94 балл
01.06.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарды билбедим.
01.06.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
107 балл
01.06.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 балл
01.06.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 эле
01.06.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 бал
01.06.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15 туура жооп,100 балл болду :-)
02.06.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл бир суроону билбей калдым.
26.08.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: