super.kg logo

УКМК Садыр Жапаровдун мурдагы жардамчысын кармады

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 2013-жылдын январь айынан бери издөөдө жүргөн 1979-жылы туулган Тимур Оторбаев аттуу жаранды кармады. Ал алдамчылык, жасалма документтерди жасоо жана имараттарды өз билемдик менен ээлеп алуу боюнча кылмыштарга шектелүүдө. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-июнда УКМКнын маалымат кызматы таратты.

“Оторбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин Элдар Мадылбеков (Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Турат Мадылбековдун уулу) жана Тимур Назаркулов (издөөдө) менен чогуу Бишкек шаарынын Киев көчөсү,74 дарегинде жайгашкан буга чейин Максим Бакиевге таандык имаратты мыйзамсыз басып алуу боюнча айыпталууда. Ошондой эле Оторбаев Алексей Елисеевдин 0,011 гектар жер тилкесин батири менен кошо жасалма документ жасап өзүнө каттап койгон деп шектелип жатат. Мындан тышкары ал алдамчылык жолу менен Бишкектеги имараттарды сатып жиберген”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 22-майында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Т.Оторбаевди тергөө бүткүчө УКМКнын СИЗОсуна камоо чечимин чыгарды.

"Тимур Оторбаев буга чейин Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттикте иштеген, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон жана Жапаровдун колдоосу менен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка ишке орношууга сынактан өткөн", - деп баса белгиледи УКМК.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.06.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев сегизбаевтин кезектеги шоу программасы буто элек экенда
01.06.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nemo2016, Сатса сатты да, анан дайыны жок эле каймай бермек беле?!
01.06.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аша эмнелер гана кутуп турат силерди
01.06.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жегенден киин жооп берсин мынтип акылдуулук кылып байыгандар канчасы качып журот.
01.06.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы бийликтин кылмышы копго,катарынан камагыла! Шашпагыла кудай ушундай жазалайт силерди акмактар десе канчалаган элдин назарынан калып жатасынар. Жер кочкуго берген акча кана кайда? Боинг кырсыгындагы акча кана кайда? Ким куноолу неге аны изилдебейсинер а таппайсынарбы а пешенесине атпайсынарбы ошонун а? Кайдагы адамдарды кармап эптеп убакыт откорбой,эмне эми кармайсынар а? биринди бирин камап,биринди бирин бир жеринерди чукуштан колунар бошобойт бийликтин. Тезирээк эле шайлоо болсо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: