super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 3-ИЮНЬ: Эл аралык бокс ассоциациясынын жана Олимпиаданын калысы Бедалы Алымкулов 68 жашка толду

 

Эл аралык бокс ассоциациясынын жана Олимпиаданын калысы Бедалы Алымкулов Жайыл районуна караштуу Большевик айылында 1949-жылы 3-июнда төрөлгөн. 1967-жылы Кара-Балта тамак-аш техникумун, 1972-жылы КМДТИни, 1979-жылы КУУну бүткөн. Ал эми 1967-1976-жылдары комсомолдук жетекчи кызматтарда иштеген. 1976-1978-жылдары Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары, 1978-1990-жылдары КРнын Мамлекеттик камсыздоо комитетинде башкы адис, бөлүм башчы, 1990-1997-жылдары "Кыргыз курулуш токой чарба" АКнын төрагасынын орун басары, 1997-жылдан тартып жеке ишкердик менен алектенген.

1977-1982-жылдары Бишкек шаардык бокс федерациясынын төрагасы, 1989-2004-жылдары КРнын Бокс федерациясынын калыстар тобунун жетекчиси, 2004-жылдан тартып Бокс федерациясынын башкы катчысы болгон. Ондон ашуун Азия, Дүйнөлүк бокс федерацияларынын конгресс, жыйындарына КРнын атынан делегат катары катышкан. 1994-жылы ФААБ эл аралык калыс-рефери, 1997-жылы АИБАнын эл аралык калыс-рефери, 2010-жылдан тартып АИБАнын 3 жылдыздуу жогорку даражадагы калыс-рефери болгон. Бир нече жолу Дүйнө, Азия чемпиондуктарында, Бангкок, Доха, Гуанжоу шаарларында өткөн Азия оюндарында, Дүйнө Кубогунда калыстык кылган.

3-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: