super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: Белгилүү америкалык актриса Анжелина Жоли 42 жашка толду

 

Америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли бүгүн, 4-июнда 42 жашка толду. Ал 1975-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Анын атасы 1978-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт, ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болгон. Анжелинанын 2 жашар кезинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып, Нью-Йорк шаарына баш калкалап көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.

"Оскар", "Алтын глобус" жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон Жоли алгач 1982-жылы "Жол табуунун жолун издеп" тасмасына тартылып, кийин "Лара Крофт: Күмбөздөрдү жок кылгыч", "Лара Крофт: Күмбөздөрдү жок кылгыч. Жашоонун өөрчүгөн жери" тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.
Актриса 2009, 2011, 2013-жылдары "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп акча төлөнгөн актриса деп табылган.

4-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: