Бишкек ШИИББи: "Кыргыз-уйгур жаңжалын баштаган аял мас абалында болгон"
“Бишкектеги кыргыз-уйгур жаңжалын баштаган Элиза Самилова аттуу аял мас абалында болгон”. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя саат 22:00дө башталган. Анда Тойота-4 Раннер унаасынын айдоочусу, уйгур улутундагы А.Айтахунова Жибек-Жолу жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен Мерседес Бенц унаасын сүзүп алган. Андан соң Мерседестин айдоочусу У.Иргебаев 22 жаштагы жөө жүрүүчү Акылбек кызы Гүлзатты сүзгөн. Гүлзаттын эжеси катары өзүн тааныштырган Элиза аттуу аял эки унаанын айдоочусун сөз менен урушуп, көчөдөгү элди топтоп, чыр-чатак баштаган. Чогулган элдер унааларды таш менен уруп, Тойота унаасын аңтарып жиберген. Учурда күнөөлүү деп шектелгендер суракка алынууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
jasan

15.05.2013. 10:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баарына бийлик куноолуу. Идеологиясы жок мамлекетте ушул сыяктуулар болуп турат. Оз тилин барктабаган бийлик
KR-777

15.05.2013. 10:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasan, бийликти куноолош оной досум. Эл да куноолу. эл озу маданиятсыз. эл озу тартипсиз. эл озу толерантту эмес. эл озу шайлоодо акчага алданып шайлап алган бийликти.
RIO

15.05.2013. 12:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жапайы адамдар
aigulkg

16.05.2013. 00:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарда кызык чакырса эле келебереби,ар ким озунун башы мн иштеш керек.Ойлон кыргыз Ойлон Атамбаев.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.