super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: Түрк актрисасы Фахрийе Эвжен 31 жашка толду

 
Түрк актрисасы Фахрийе Эвжен Германиянын Золинген шаарында 1986-жылы 4-июнда төрөлгөн. Апасы черкес, атасынын улуту түрк болгон. Болочок актриса татаал балалыкты башынан өткөргөн. Фахрийе сегизге толгондо Германияда түрктөрдү куугунтуктоо мезгили башталган. Актриса жашаган Золинген шаарында немис улутчулдары түрктөрдү уруп, үйлөрүн өрттөп, Фахрийенин үй-бүлөсү дайыма коркунучта жашап, эшикке чыкпай, бекинип жаткан учурлары болгон. Орто мектепти аяктаган соң Дюссельдорф шаарындагы Генрих Гейне университетинин социология факультетине тапшырган. 19 жашында апасы менен Стамбулга эс алганы келип, кокусунан киного тартылууга сунуш түшүп калган.
Фахрийе Эвжен биринчи жолу 2005-жылы "Эч качан унутпаңыз" тасмасында дебют жасап, режиссёрлордун көзүнө илине баштаган. Андан соң "Күзгү жалбырактар" сериалына тартылып, дал ушул сериалдан атак алганга жетишкен. Аталган сериалга тартылып жүргөн учурда Фахрийе Эвжен Стамбулдагы Босфор университетинде окуган. Тартуу иштерин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн окуусунан академиялык өргүү алууга мажбур болгон. Кийин карьерасын түптөш үчүн Германиядан апасын ээрчитип, Түркияга биротоло көчүп келген.
Фахрийе Эвжен "Кайгы", "Аллах жолунда", "Сеньора Эрика", "Сен менин үйүмсүң", "Боз торгой" жана башка тасмаларда роль жараткан.

4-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.06.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай кыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: