super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-ИЮНЬ: "Туулган күнүмдө өкүл бала, өкүл кыздарымды ооз ачарга чакырдым" дейт Токтобек Асаналиев

 

Бүгүн, 6-июнда эстрада жана фольклор ырчысы Токтобек Асаналиев 42 жашка толду. Ырчы "Боогачың сенин болоюн", "Жаштарга", "Асылзатым", "Ат-Башым" жана башка ырлары менен кыргыз музыкасын сүйүүчүлөргө белгилүү болгон.

Ырчыны туулган күнү менен куттуктап чалганыбызда, бул ирет өздүк майрамы орозо айына туш келгендигине кубанып турганын айтты.

"Маанайым жакшы. Туулган күнүмдү өзгөчө шаң менен деле белгилебейм, улуу айда бул туура эмес болуп калат. Бирок 13 өкүл бала, өкүл кызым бар, алардын баарын ооз ачарга чакырганбыз. Учурда конок күтүп жаткан чагыбыз. Орозонун күнүндө айтылган жакшы тилектер кабыл болсун", - дейт ал.

Токтобек Асаналиев Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектептен кийин Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияны, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, Улуттук консерваторияны аяктаган.

6-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.06.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунз менен! Коноктор да куру кол келбесе керек, 2коёнду бир атыпсыз да баракелде.
06.06.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мааш Аллах, Аллах ыраазы болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: