super.kg logo

Көркөм сүрөт музейине 44 уникалдуу белдемчи көргөзмөгө коюлду (фото)

 

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине Кыргыздын түрдүү аймактарынан алынган 44 уникалдуу белдемчи көргөзмөгө коюлду. Буга чейин белдемчиге арналган иш-чаралар дээрлик өткөн эмес. Анда салттык кийимдин илгерки үлгүлөрүнөн тарта, заманбап түрлөрүнө чейин камтылган. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Миң кыял" коомдук фондунун жетекчиси, дизайнер Айдай Асангулова билдирди.

Ошондой эле ал көргөзмөдө "Кийиз дүйнө - көчмөн руху" долбоорунун катышуучулары керме-сайма боюнча мастер-класс көрсөтүшкөнүн кошумчалай кетти.

Белгилей кетсек, белдемчи кыргыздын эң байыркы эл экендигин далилдеген кийимдеринин бири. Ал биринчи бала тѳрѳгѳндѳн баштап кийилген. Уруулук жана аймактар аралык ѳзгѳчѳлѳнүп, колдонулган кездеме, бычылыш, тигилишинен жана саймаланып кооздолушунан айырмаланат. Ал жылуу, ыңгайлуу жана кѳрктүү. Ар бир белдемчи уздун чеберчилигине жараша болот.

Көргөзмө 7-июлга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
08.06.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге эле баардык жакка Кыргыздын деп жазып жатасынар? Кыргызстандын деп жазбайсынарбы. Озубуздун жакшынакай олкобуздун аты турса. Гл редакторунар ушинтип жазгыла деп жатабы. Айткыла сайттагылар нааразы болуп жатышат деп. Озунорду озунор билип отугунорду торго илбегиле!!! Кыргызстан деп жазгыла!!!
08.06.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин катталганыма 100 кундун жузу болду. Качан жаран болом?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: