super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ИЮНЬ: Ырчы Турдакун Ниязалиев туулган күнүн белгилебейт

 

Бүгүн, 9-июнда ырчы Турдакун Ниязалиев 32 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыкканыбызда ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн көп жылдан бери белгилебесин айтты:

"Дин жолунда жүргөндүктөн туулган күндү белгилебейм. Бул күнү бир жылды кандай өткөрдүм, эмне пайдалуу жумуш аткардым деп ойлонуп, өзүмө отчёт берем", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Турдакун Ниязалиев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Көк-Таш айылында туулган. Бала кезинен эле мектепте баян ойноп, ырдап жүрүп, кийин обон жазып калган. 10-класста окуп жүргөндө Ынак Осмоналиев ырдап жүргөн "Айлуу кеч" деген ырын жазган.

Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили факультетин бүтүргөн. Араб тили аркылуу ислам дүйнөсүнө аралашып, шариятта ырдоого тыюу салынгандыктан, чыгармачылыкты таштап салган. "Эгер ыр адамды адеп-ахлакка, Ата Мекенди сүйүүгө чакырса, ырдаса болот" дегенди уккандан кийин кайра чыгармачылыкка киришкен. Атайын музыкалык билими жок. Чыгармачылык ырчы үчүн кесип эмес, жөн гана хобби.

9-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.06.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жанылык мен да белгилебейм исламда жок бул нерсе
09.06.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура
10.06.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунду белгилебесе да уй булоодо стол жасап отуруп койсо болоттур балдардын туулган кунундо торт алып келип дегендей..
10.06.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай да ырчы барбы???? Бул биринчиден, экинчиден, кимге кызык, белгилебейби же уктап жатавы ошол куну
12.06.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да белгилебейм 5-6 жылдан бери
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: