super.kg logo

Ливандагы сулуулук сынагына катыша турган Сусанна Егорян: "Буга чейин жеңилүү ызасын тарткан эмесмин, бул сынактан да куру келбейм"

 

Ливандын борбору Бейрут шаарында өтө турган "World Next Top Model" сулуулук сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 17 жаштагы мектеп окуучусу Сусанна Егорян катышат. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди:

"Бул максатка жетүү мен үчүн көптөгөн эмгекти талап кылды. Учурда көпчүлүгү "эмнеге кыргыз кызы барбайт?" деп нааразы болуп жатыптыр. Аларга айтарым - мен бул өлкөдө туулуп-өскөм жана кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Буга чейин жеңилүү ызасын тартып көргөн эмесмин, бул сынактан да куру кол келбейм", - дейт Егорян.

Сынак ушул жылдын 14-июлунан 5-августка чейин өтөт. Чет өлкөдөгү мындай иш-чарага сулууларды "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы жиберери белгилүү болду.

Сусанна Егорян Бишкекте төрөлүп-өскөн. Азыркы учурда №8-мектептин 11-классынын окуучусу. Буга чейин "Биринчи Вице-Дива Кыргызстан-2016" аталса, "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында "Мисс подиум-2017" наамына татыган.

Белгилүү болгондой, сынакка Кыргыз өлкөсүнөн сырткары Алжир, Англия, Финляндия, Франция, Грузия, Германия, Греция, Венгрия, Италия, Япония жана башка жалпы 42 өлкөнүн сулуулары катышат. Ал эми жеңүүчүгө 5 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана таажы ыйгарылмакчы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(40)
10.06.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Женуучуго 5 мин $ азго.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: