super.kg logo

Тургунаалы Жусуп Мамайга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси ыйгарылды

 

Манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Жусуп Мамайга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Тургунаалы Жусуп Мамай SUPER.KG порталына маалымдады.

Анын айтымында, төш белги менен сыйлоо тууралуу буйрукка мурунку министр Алтынбек Максүтов кол койгон.

"Бул сыйлык жалгыз гана мага эмес, мени менен кошо кыргыз бийинин түрлөрүн бийлеп, "Манас" эпосунан үзүндү айтып жүргөн жаштарга берилди деп түшүнөм. Сыйлыкты алгандан кийин кыргыздын маданиятын өнүктүрүүгө мындан ары да жан үрөп иштөөгө каалоом күчөдү. Бул жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүрдүм. "Баламдан баян" деп аталган китебим да даяр болуп калды. Азыркы тапта жолдомун, Кытайга кетип бара жатам. Келип ал китепти басып чыгарууга беребиз", - деди Тургунаалы.

Тургунаалы Жусуп Мамай Кыргыз жерине 2013-жылы Кытайдын Кызыл-Суу автономдуу облусунун Ак-Чий ооданынан келген.

Жусуп Мамай - кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы, 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмери. Кыргыз Республикасынын Баатыры.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: