super.kg logo

Жашылдандыруу ишканасынын башкы агроному: "Бишкектеги саргарган эмен дарактарын ийне сайып дарылаганы жатабыз"

 
Жакында эмен багындагы куурап бараткан дарактардын бооруна "Салам досум, мен эменмин. Мен бул жерде көп жыл жашадым. Жалбырактарым менен чаң топтоп, абаны нымдайм, сага кам көрөм. Мен азыр эч киммин" деп жазылып илинген ак кагаздар пайда болду.
Эмен багындагы эс алуучулар
Куураган бактарды сүрөткө тарткан Тинатин Маликова.

Бишкек шаарында эмен бактарынын жалбырактары жайдын биринчи айында эле саргая баштады. Бактардын саргайып, массалык куурашы адистерди жана шаар тургундарынын тынчын алууда. Буга чейин айрым себептерден улам түбүнөн кесилген дарактардын ордуна эмен дарагынын жаш көчөттөрү тигилген. Алар да куурап бараткандардын катарын толуктайт.

Бак аралап эс алып жүргөн шаар тургуну Элнурбек Турганалиев бактардын куурашы адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин айтты.

"Илимий көз карашта карасак дарактардын куурашы бул оору. Муну адистер алдын алуу зарыл, антпесе шаар ичи жылаңачтанып калышы мүмкүн. Андай учурда адамдардын арасында түрдүү оорулар көбөйүп кетиши ыктымал. Жаз алды менен бутактары бири-бирине жанаша өскөндөрүн бутап дарылаш керек. Бүгүн дарылабаса башка дарактар да ооруп куурашы мүмкүн. Буга эч ким кепилдик бере албайт", - деп билдирди Турганалиев.

Эс алуу багын аралап куураган дарактарды көрүп таасирленген Тинатин Маликова бактардын аянычтуу көрүнүшүн кагаз бетине түшүрүп сүрөткө тартып жатканына күбө болдук.

"Мен бул жайга бат-бат келип турам. Дайыма келген сайын саргая баштаган бактарды аяйм. Өзүм сүрөтчүмүн. Жаратылыштагы мындай жагдайларды коомго жеткирүү үчүн кагазга түшүрүп социалдык баракчам аркылуу элге жеткирүү аракетин көрөм. Дарактар тирүү дене сыяктуу. Аларга кам көрүү адамдардын колунда", - деп билдирди Маликова.

9 жыл бою Жашылдандыруу ишканасында иштеп, отургузган дарактары менен сыймыктанган багбан Рахман Алматов эмен дарагынын куурашы суудан эместигин айтып берди.

"Мен өзүм бактарды дарылоо боюнча адис эмесмин. Бирок көп жылдык тажрыйбамдан улам эмен дарагы ооруга кабылганын айта алам. Эгерде дарактар чаңкаса анда башкаларынын да жалбырагы саргаймак. Ар бир 10-12 күндө бактарды сугарабыз", - деп билдирди Алматов.

Эмен дарагынын саргайышы боюнча атайын адистерден жооп алдык. Алар дарактарды химиялык дарылоо натыйжа бербей турганын айтууда. Жашылдандыруу ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева:

"Эмен бактарындагы зыянкечтер жалбыракты гана жейт. Дарактын өзөгүнө терс таасир этпейт. Мындан улам жалбырактар түшүп калат. Бул учурда дарак куурап калды деген туура эмес. Ооруган бактарды ийне саюу ыкмасы менен дарылаганы жатабыз. Бирок бул ыкма бизде буга чейин колдонулган эмес. Эмендин жалбырактары эмнеден улам саргайып жатканы белгисиз. Мындан улам алгач зыянкечтерди изилдеп алуу үчүн жабышчаак сары кагаздарды илип чыктык. Кагаздардын бетине жабышкан бардык нерсе изилдөөгө алынат. Бүгүнкү күндө Европада адистер дарылоо боюнча изилдөө жүргүзүп жатышат. Эгерде бул аракет натыйжа көрсөтсө, анда ар бир эмен дарагына тийиштүү кам көрүлүп, дарыланат", - деп билдирди Жашылдандыруу ишканасынын башкы агроному Жолдошева.

Эске салсак, өткөн жылы эмен бактарынын жалбырактары саргайып зыянкечтер жеп салганы айтылган.

Агрономдун маалыматына таянсак, Бишкектеги эмен бактарын саргайткан зыянкечтер 2004-2005-жылдан баштап пайда болуп, акырындан көбөйө баштаган. Ал эми 2010-жылдан баштап дарактарга зыянын тийгизген. 2010-жылдан бери карай убакытты эле алсак, 7 жылдан бери бул көйгөй чечилбей келет...






Бишкекте куурап бараткан эмен бактары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.06.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бак дарак куурашы озубуз куноолубуз. Ооруду ооруду дейбиз изилдоо салыш керек. Сууну текшериш керек чон каналдарга кандай гана жаман нерселер тогулуп атат канал жеегинде килемпалас жууп чайкап атышат. Конечно озубуз куноолубуз озубуз кылып окмотту куноологон да туура эмес туугандар.
13.06.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга суу жетпей эле жатат анан озунун дарыларын бир жылда бир чачып туруш кпректа
Медиа-портал
15.06.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарактарга и калцй жетишпейт.Урматуу тургундар энергетика жонокой ыкма дарактарга тубуно жумуртканын кабыгын комуп чыкыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: