super.kg logo

Чехиянын биринчи айымы жана орусиялык алып баруучу Лера Кудрявцева Наиль Байкучуковдун колунан чыккан көйнөктөрдү кийип, эл алдына чыгышты

 
Орусиялык чыгармачыл инсандар "Муз ТВ" сыйлык тапшыруу аземинде
Лера Кудрявцева
Лера Кудрявцева: "Бүгүн мен керемет дизайнер Наиль жараткан сонун көйнөк кийип турам. Сага рахмат, бул көйнөктү сүйүп калдым"
Лера Кудрявцева жана Дмитрий Нагиев
Чехиянын биринчи айымы Астана шаарында өтүп жаткан "ЭКСПО" көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде

Чехиянын биринчи айымы Ивана Земанова жана орусиялык белгилүү алып баруучу Лера Кудрявцева кыргыз-казак жылдыздарын кийинткен дизайнер Наиль Байкучуковдун колунан чыккан көйнөктөрдү кийип, эл алдына чыгышты. Бул тууралуу дизайнер өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.

Өткөн жумада Москвада болуп өткөн "Муз ТВ" сыйлык тапшыруу аземине кийип чыккан көйнөгү тууралуу Лера Кудрявцева: "Бүгүн мен керемет дизайнер Наиль жараткан сонун көйнөк кийип турам. Сага рахмат, бул көйнөктү сүйүп калдым", - деп жазган.

Ал эми Чехиянын биринчи айымы Астана шаарында өтүп жаткан "ЭКСПО" көргөзмөсүнө Байкучуковдун көйнөгүн кийип келген.

Белгилей кетсек, өткөн жылы орусиялык ырчы Анна Седокова да Наиль Байкучуковдун колунан кийинген. Салтанаттуу аземдерге белгилүү чыгармачыл инсандарды кийинткени тууралуу дизайнер "Супер-Инфо" гезитине курган маегинде: "Казактын чыгармачыл инсандарынан Роза Рымбаева, Баян Есентаева, Мадина Садвакасова, Жанар Дугалова жана "Кешью", "FM" (мурунку "Текила") тобунун кыздары биздин туруктуу кардарлардын катарын толукташат. А кыргыз сахнасынан дээрлик бардык айымдарын кийинтип чыктым окшойт" деп айтканы бар.

Дизайнер убактысынын көбүн Кыргыз өлкөсүндө өткөрөрүн кошумчалаган:

"Менин бардык тигүүчү жайларым Кыргыз өлкөсүндө. Бишкекте "Naiyl Baikuchukov" брендинин толук кандуу мода үйү жайгашкан. Ал жерде эӊ көп жумушчулар иштейт, кошумча дүкөнүбүз бар. Анын үстүнө бардык кездемелерибиз Бишкекте сакталат. Башка шаарларда дүкөндөр гана бар. Көпчүлүк убактым Бишкектеги жумуш ордумда өтөт".


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.06.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат, биздин биринчи айымга да 1ди жонот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: