super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Баатыр эне наамын балдары соттолгон энелерге берилбеш керек" дегенге каршы чыгышты

 

Депутаттар “Баатыр эне” наамын балдары соттолгон энелерге берилбеш керек дегенге каршы чыгышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 13-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов баласы кылмышкер болгонуна эне күнөөлүү эмес экенин айтты. “Кылмыштуулукка эне жалгыз эле күнөөлүү эмес. Мамлекет күнөөлүү. Экономикасы алсыз, билим берүү тармагы начар, коомдук тартиби жок, мыйзамды сыйлабаган өлкөдө кылмыштуулуктун саны көп болот”, - деди Шыкмаматов.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев кылмыштын түрлөрү бар экенин эскертти. Этиятсыздыктан улам кылмыш жасаган баланын энесине “Баатыр эне” наамы берилиши керек деген оюн билдирди.

Депутат Аида Салянова дагы бул мыйзам долбоордун жобосуна каршы оюн айтып, балдары жасаган кылмышка эненин тиешеси жок экенин айтты.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев бул мыйзам долбоору 2016-жылы парламентте колдоо таппай калганын эске салып, азыр сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, балдарынын бирөө этиятсыздыктан кылмыш жасап, анан соттуулугу жоюлган болсо, анда энесине "Баатыр эне" наамы бериле турганын белгиледи.

Жыйынтыгында “Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзам долбоору четке кагылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: