super.kg logo

Сайкал Садыбакасова: "Мен жеке жашоомду жарыя кылбайм. Ооба, жүрөгүмдө бирөө бар"

 

14:59. Бүгүн, 14-июнда белгилүү ырчы, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова менен SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ырчынын чыгармачылыгына кызыккан окурмандар суроолорун узатып, жооп алса болот.

Суроолорду +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине жиберсеңиздер болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

Колдонуучулардын арасынан кызыктуу суроо берген окурмандар үчүн атайын белектер бар. Арасынан кызыктуусун түз эфирдин каарманы тандап алмакчы.

15:07. Бирок учурда ырчы маекке кечигип жатканын айтууда. Сайкал Садыбакасова келери менен маекти түз эфирде көрсөтүү башталат.

15:31. Ырчы SUPER.KG`нин кеңсесине келди. Ден соолугуна байланыштуу кечигип келгенин айткан ырчынын учурда түз эфирдеги маеги башталды.

15:37. Сайкал Садыбакасова алып баруучулар Максат Орозумбетов жана Таттыбүбү Садырбекова окурмандардын суроолоруна жооп берүүдө. "Кантип арыктадыңыз?" деген суроого ырчы "6дан кийин тамак жебейм, болгону аз-аздан 5 маал тамактанам" деп жооп узатты. Учурда энесине арнаган ырын аткарууда.

15:46. Ырчы апасы Гүлшайыр Садыбакасова тууралуу айтып берүүдө. "Апам мыкты адам. Канчалаган таланттуу кыздарды тарбиялап чыгарды. Аны аяп, көзүн карап турам. Андыктан көп маселелерди өзүм чечүүгө аракет кылам", - дейт.

16:57. Жеке жашоосу тууралуу берилген суроого жооп узатып жатып ырчы буларды билдирди:

"Апама менин колумду сурап келгендер болот. Мен анда өзүм тандайм, сүйгөн адамга турмушка чыгам десем, апам эркек маймылдан бир аз эле жакшынакай болушу керек. Баарыбыз эле ушинтип турмушка чыкканбыз. Эми силерден көрдүм сүйүү дегенди деп коёт".

Ал эми "апаңыз жактырган адамга турмушка чыгат белеңиз?" деген суроого "мен апам тандаган адамга турмушка чыгам, себеби апам адашпайт", - деген жооп узатты.

16:06. "Сиздин актрисалык өнөрүңүз бар экенин билем. Алпаруучу Гүлжайна Атакановага эмнегедир окшоштура берем. Ошол эжени туурап бериңизчи" деген окурмандын суранычын ырчы актрисалыктан бир топ алыстап кеткенин айтып, түз эфирде аткаруудан баш тартты.

16:10. Сайкал Садыбакасованын "Эстей жүр" ыры жаңырууда.

16:15. Ырчы алып баруучулардын логикалык суроолоруна жооп берүүдө. Эрежеге ылайык, суроонун жообун таба албаса, анда оюнга катышуусу зарыл. Биринчи суроого жооп бере албай, ырчы ковбойдун образына кирип, кыскача оюн көрсөттү.

16:20. Учурда артисттик чеберчилигин көрсөтүүдө. Эчкинин мээрегенин туурап берди.

16:35. "Интернетке "любимый" деп түшкөн сүрөт киргиздиңиз. Ошол адам жөнүндө маалымат берсеңиз" деген окурмандын суроосуна: "Мен жеке жашоомду жарыя кылбайм. "Любимый" деген значит "любимый". Ооба, жүрөгүмдө бирөө бар", - дейт ырчы күлүп.

16:45. Чыгармачыл топ эфирге жарамазан айтып келишти. "Марал" радиосунун кызматкерлери жана ырчылар шаңдуу жарамазан айтышкан соң салтка ылайык, белек берилди. "Эл ичинде тынччылык, молчулук, токчулук болсун. Эл ичи тынч болсун. Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз" деген бата берилди.

16:55. Күтүүсүз келген коноктор түз эфирдеги ырчынын, алып баруучулардын маанайын көтөрдү. Алар кеткен соң кайрадан окурмандардын суроолоруна жооп берүү башталды.

17:03. Сайкал Садыбакасованын "Мени алдаба" ыры жаңырууда.

17:13. "Жеке жашооңду эмнеге айткың келбейт? Ырчылар бир нерсе десе эле ушинтип кутулуп кетесиңер" деген суроого "жеке жашоомду айтып чыгуу үчүн ырчы болгон жокмун. Бардык нерсенин убактысы бар. Тоюм кайсы күнү болору да бир Кудайдан", - деген жооп узатты.

17:18. Окурмандардын бир нече кызыктуу суроолоруна жооп берилип, конок ырдап, бийлеген соң түз эфир соңуна чыкты.


кошулду





Сайкал Садыбакасова: "Ооба, жүрөгүмдө бирөө бар"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(33)
14.06.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынбы Сайкал турмушка чыксан жолдошун айылда жашайбыз деп уй кой эчки багып уй саап очоко оокат кыласын десе макул болосунбу?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: