Жогорку Кеңеште турак жай салынып калган сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат
15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында турак жай салынып калган сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Маалыматка ылайык, 1983-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз мамлекетинин 218 айыл аймагынын 13 478 гектар айдоо аянты турак жай курууга берилип кеткен. Анын ичинде 11 784 гектары сугат жери. Бул жерлерде 42 миңден ашык үй-бүлө турак жай куруп, жашап жатышат.
Буга чейин мыйзам долбоору 1-окууда жактырылган. Бүгүн турак жай салынып калган сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзамдын Жогорку Кеңеште каралуусун талап кылган "Трансформация" элдик кыймылынын мүчөлөрү митингге чыгышкан. Мындан улам депутаттар күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

