super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-ИЮНЬ: Режиссёр Сүйүн Откеев туулган күнүн майрамдоо көӊүлдүү өтүп жатканын айтат

 

Бүгүн, 15-июнда режиссёр, продюсер Сүйүн Откеев 37 жашка толду. Режиссёр өздүк майрамын белгилөө көӊүлдүү өтүп жатканын SUPER.KG`ге билдирди.

"Маанай жакшы, куттуктоолор эртеӊ менен башталган. Көптөгөн адамдардан жакшы сөздөрдү угуп, жаӊы чыгармаларды жаратууга эргүү алдым десем болот. Кечинде достор менен өздүк майрамды чакан белгилейбиз", - дейт Сүйүн Откеев.

Белгилей кетсек, режиссёр Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында туулган. 1986-жылы Макаренко мектебине окууга бара баштаган. 1993-жылы Кыргыз-түрк балдар лицейине тапшырган. 1997-жылы окууну аяктап, Ош технологиялык университетине Байланыш түйүндөр жана коммуникация системалары адистигине тапшырган. Бир жыл өткөн соң Германияда Лемго шаарындагы университетте Медиа продакшн факультетинде 10 жыл окуган.

Алгач кыска метраждуу "Соолуган карек" аттуу тасмасын тарткан. 2012-жылы “Сен эмне кылмаксың?” тасмасы менен кыргыз кино тармагында алгачкы дебютун жасаган. Андан тышкары “Миллиондук мелдеш”, "Миллиондук мелдеш 2”, “Көпөлөк”, “Мегатой” толук метраждуу тасмаларын тарткан.
15-июндун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: