Испанияда балдар футбол клубунун машыктыруучусу командасы 25:0 эсебинде утканы үчүн жумуштан айдалды



Испаниянын Валенсия шаарында 11 жаш курактагы балдардын футбол боюнча командалык беттеши өтүп, анда "Серранос" менен "Беникалап" командалары ойногон. Бул оюндан "Серранос" клубу 25:0 эсеби менен жеңишке жетишкен. Мындай чоң эсепте уткандыгы учун клубдун жетекчилиги машыктыруучусун жумуштан бошоткон.
Жетекчилик бул боюнча: "Биз каршылаштарыбызды сыйлайбыз, ошондуктан мындай эсеп менен утушубуз керек эмес эле. А машыктыруучуга оюндан көп эсептеги жыйынтык керек болчу. Андыктан аны менен коштошууну чечтик. Биз оюнчуларды каршылашка сый мамиле жасоого тарбиялайбыз", - деген билдирүү тараткан.
Ал эми кызматынан айдалган машыктыруучу мунун баарын жокко чыгарып, көп гол киргизүүгө көрсөтмө берген эместигин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

де
Чечим туура