super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ИЮНЬ: Белгилүү орусиялык алып баруучу, пародист Максим Галкин 41 жашка чыкты

 
үй-бүлөсү менен

Белгилүү орусиялык алып баруучу, пародист Максим Галкин 41 жашка чыкты. Ал 1976-жылы 18-июнда Москва шаарында төрөлгөн. Анын аткаруучулук таланты 4 жашында эле байкалып, бала бакчада алгачкы жолу эл алдында кайсы бир жомоктогу балапандын ролун аткарган. Кийинки жылы баланын талантын байкашкан тарбиячылар ага андан да татаалыраак образ жаратууну сунушташат. Жыйынтыгында, 5 жаштагы Максим иттин, аракеч абышканын, хандын ролун мыкты деңгээлде жарата алган. Ал эми пародияга болгон жөн­дөм­ү болсо мектепте окуп жүр­гөн­дө байкалып, мугалимдерди тууроодон башталган. Адаттагыдай бул нерсеге мугалимдер чычалабастан, аны кайра мектеп сахнасында маданий иш-чараларда аткаруусун суранышкан. Бирок 6-классында Максим мектеп мүдүрүн туурайм деп аз жерден окуусунан айдалып кетүү коркунучуна кабылган. Ошол эле жылы жаш талант Максим Галкиндин алгачкы чыгармачылык кечеси болуп өткөн. Анда куурчак театрын уюштуруп, Максим элди таң калтыра абышканын үнү­нөн тартып жаш баланын үнүнө чейин келиштире аткарган. 13 жашында Михаил Горбачёвду сыналгыдан көрүп отуруп аны так өзүндөй туурай коёт да, өзүнүн чыныгы таланттуу экендигине көзү жетет.

Максим Галкин 2001-жылдан тарта “Ким миллионер болгусу келет?” телеберүүсүн алпарып, дал ушул көрсөтүү аны популярдуулукка жеткирген. Ошондон тарта куудулдук, пародия, алпаруучулук, ырчылыкты бирдей алып кетип, Орусиядагы атактуу, бай инсандардын катарына кирген.

18-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.06.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лутще всехти сонун алып барат
19.06.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Галкинге окшогондорду жанылык кылып чыгарбай эле койбопсунарда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: