Жайлоо төрүндө тоо жаңырта обон созгон кыз-жигиттер сармерден оюнун өткөрүштү





Бүгүн, 17-июнда "Чуңкурчак көчү-2017" фестивалынын алкагында таланттуу кыз-жигиттердин ортосунда сармерден оюну өткөрүлдү.
"Тоо арасында боз үй тигилип кыргыз обондорунун жаңырышы тээ илгерки Токтогул, Жеңижок, Ниязалы комузчулардын доорун эске салды. Өнөрпоздордун ырларын угуп отурган эл да музыкага жакын экенин жон терибиз менен сезип отурабыз. Эң негизгиси кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхы, маданияты, мурасы өчпөсө экен деп тилейм", - дейт сармердендин катышуучусу Жусупбек Айдаров.
Салтанаттын жүрүшү төкмө акындар айтышы, макал-лакап, жаңылмач, табышмак айтуу менен коштолду. Ыр ышкыбоздору обон созуп, кыргыз бийлерин бийлешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Атамдын жузуно кулку ойноп мондалин менен коштоп рахаттанаар эле..
Ээх, балалык баёо кез. Корсо, экоонун суйуусуно кубо болгон ыр экен эле..