super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ИЮНЬ: Түркиялык актриса Бирже Акалай 33 жашка толду

 
Бирче Акалай
Актриса биринчи жолдошу Мурат Үналмыш менен
Бирче Акалай экинчи жолдошу Сарп Левендоглу менен

Түркиялык актриса Бирже Акалай бүгүн, 19-июнда 33 жашка толду. Ал Стамбул шаарында 1984-жылы жарык дүйнөгө келген. Бирже искусстводон алыс адамдардын үй-бүлөсүндө өскөн, тагыраагы, апасы - үй кожойкеси болсо, атасы - жалданма жумушчу болуп иштеген.

Ал 4 жашынан баштап балет менен алектенип, балет искусствосун үйрөнүүгө 13 жылдык өмүрүн арнаган. Мектепте окуп жүргөндө, балет консерваториясына даярдоочу атайын ийримге барып жүргөн. Бирок жогоруда айтылган консерваторияга балалыгынан мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен өтө албай калган. Бирже жашоону сүйгөндүктөн жана оптимисттик мүнөзгө ээ болгондуктан буга капаланбай, актриса болууну чечкен.

2004-жылы Бирже Стамбул театралдык университетинин драмалык искусство жана театрдык сын факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

2004-жылы сулуулук сынактарына катышып көрүүнү чечип, "Түркия сулуусу" сынагында 3-орунду багындырган. Андан соң ага телеканалдардан сунуштар түшүп, 2004-2007-жылдары спорттук программаларды алпарып эмгектенген. Актриса кинематография тармагында 2007-жылы жарыкка чыккан "Тагдыр" сериалына тартылып, дебют жасаган. Кийин "Аси", "Жашоо кээде сонун", "Акыркы сабак" жана башкаларга тартылган.

Жеке жашоосу:

Актриса 2011-жылы кесиптеши Мурат Үналмышка турмушка чыгып, бир жылдан соӊ ажырашып кеткен. Кийин 2014-жылы Сарп Левендоглу аттуу актёр менен турмуш жолуна аттанган. Бирок бул никеси да көпкө узабай, 2017-жылдын январь айында ажырашып кеткен. Актриса 2 никесинде теӊ балалуу болгон эмес.

19-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: