Улуттук курамдын оюнчусу Валерий Кичин Орусиянын "Енисей" клубу менен болгон келишимин 2 жылга узартты
Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамынын оюнчусу Валерий Кичин Орусиянын "Енисей" клубу менен болгон келишимин 2 жылга узартты. Бул тууралуу "Енисей" футболдук клубунун официалдуу басылмасы жазып чыкты. Аталган команданын курамында Валерий Кичин өткөн 2016-2017-жылкы сезондо 25 жолу оюн талаасына чыккан. Анда 2 жолу гол киргизип, үч жолу гол жаратууга жардамдашкан.
Андан сырткары 2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекетинин "мыкты спортчусу" жана "мыкты футболчусу" аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.