super.kg logo

Америкалык белгилүү ырчы Кэти Перри алкоголдук ичимдиктерден баш тарткандыктан имиджин өзгөрткөнүн айтат

 
Ырчы имиджин өзгөрткөнгө чейин
Ырчы имиджин өзгөрткөнгө чейин
Ырчы имиджин өзгөрткөнгө чейин
Ырчы имиджин өзгөрткөнгө чейин
Ырчы имиджин өзгөрткөнгө чейин
Ырчы мурунку сүйгөнү Орландо Блум менен
Орландо Блум менен Кэти Перринин эс алуу учуру

Америкалык белгилүү ырчы Кэти Перри чач жасалгасын алмаштыруу жана аны ачык түстөргө боёо боюнча эксперимент жасоо жагынан алдына киши салдырбайт. Буга чейин эл алдына сыя, күлгүн түстөргө боёлгон чач жана кийме чачтар менен чыгып, ар түрдүү сын-пикирлерге туш болгон. Ал эми 2017-жылдын башында кара түстөгү чачын сары түскө боёсо, мурунку сүйгөнү Орландо Блум менен эки ажырым жолго түшкөн соң узун чачын кыска кырктырып, көпчүлүктү таң калтырды.

Ырчы мунун себебин үй-бүлөсү менен алкоголдук ичимдиктерден баш тартып, топтук терапия өтүп жаткандыгы менен байланыштырган. "Мен ички жан дүйнөмдү тазалоо менен бирге сырткы келбетимди да өзгөртүүнү туура көрдүм. Азыр өзүмдү эркин сезип, эч нерседен коркпой калдым. Мурунку кезимди жакшы көрөм, бирок азыркы Кэти жакшыраак", - дейт ырчы өзгөрүүсү тууралуу.

Ошондой эле ал интернеттеги социалдык тармактардын да активдүү колдонуучусу. Жакында эле ал интернеттеги өздүк баракчасында 96 саат түз эфирде отуруп, 100 миллион көрүүчү топтогон. Аталган тармактын тарыхында биринчи жолу катталган бул рекордду тартуу үчүн 41 видеокамера колдонулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.06.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх Кети чачынды бекер кырктыңда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: