Бүгүн, 19-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиону Германия Конфедерациялар Кубогунда алгачкы беттешин өткөрөт

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Конфедерациялар Кубогунун алкагында учурдагы Дүйнө чемпиону Германия алгачкы беттешин өткөрөт. Анда немис футболчуларына Австралия каршы турат.
Аталган беттеш "В" тайпасында орун алып, 1-турдук оюндарды жыйынтыктайт. Бул тайпадагы алгачкы беттеште Чили Камерунду 2:0 эсебинде жеңип, 3 упайга ээ болгон.
Белгилей кетсек, Йоахим Лев курамга Мюллер, Озил, Кроос сыяктуу футболчуларды чакырган эмес. Германиянын курамы көпчүлүк жаш футболчулардан түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Германия 3