Жалал-Абад. 19-майда "Жалал-Абад периси-2013" сынагы өтөт
19-май күнү Жалал-Абад шаарындагы Б.Алыкулов атындагы драма театрда "Жалал-Абад периси-2013" сынагы старт алат. "Сынакка атайын кастингден тандалып алынган 14 кыз катышмакчы",- дейт Элет жаштары коомдук бирикмесинин өкүлдөрү. Иш-чаранын негизги максаты - аялзатынын сулуулугун даңазалоо, аларга сый-урмат көрсөтүү болуп саналат. Жеңүүчү болгон сулууга Ысык-Көлдө эс алып келүүгө жолдомо ыйгарылса, 1-орунду алган сулууга компьютер, 2-орунга планшет, 3-орунга уюлдук телефон тапшырылат. Сынакта башка да кызыктыруучу сыйлыктар ээлерин табат. Кечени белгилүү эстрада жылдыздары жана стилисттер коштомокчу.
Автор: Гүлжан Эшбаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

