super.kg logo

ТЕСТ: Кыргыз жериндеги туристтерди кызыктырган жайлар тууралуу билесизби?

 

Туристтер Кыргыз жеринин кооз жаратылышына арбалып келери белгилүү. Чет жерден келген коноктор кокусунан сизге суроо менен кайрылып калса, ага такалбай жооп бере аласызбы? Сиз өз туулган жериңизди беш колдой билем десеңиз, тесттен өзүңүздү сынап көрүңүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун сөзүн толуктаңыз. "Туризмди өнүктүрүү үчүн ..."

Марихуананы легалдаштыргыла. Ушул жылдын 2-майында 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясына байланыштуу жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов тамаша иретинде "өлкөдө марихуананы мыйзамдаштыруу менен туристтерди тартса болот" деген идеясын айткан.

Кийинки суроо


сом эмес, долларды пайдалангыла
марихуананы легалдаштыргыла
мени президент кылгыла

Кыргыз жеринде койдун союлушуна таңданып, бышырылган башын жеп, бүркүттүн, түлкүнүн көзүн чукуганын көрүп ыйлаган алып баруучуну кайсы көрсөтүүдөн көрүүгө болот?

Украинанын "Орел и Решка" телеберүүсүн тартуу үчүн чыгармачылык тобу 2013-жылы Кыргыз жерине келишкен. Алпаруучуга кыргыздын кой союу салты, анын бышкан башын жеген жана бүркүт салуу аёосуз сезилген.

Кийинки суроо


"Непутевые заметки"
"Би-Би-Си Сапар"
"Орел и Решка"

Бөрүлү-Көк-Көл кайсы жерде жайгашкан?

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Беловодск айылында Бөрүлү-Көк-Көл көлү жайгашкан. Ал 1885-жылдагы жер титирөөдөн кийин пайда болгон. Көл Сокулук районунун борборунан 140 чакырым алыстыкта. Деңиз деңгээлинен 1900 метр бийиктикте орун алган.

Кийинки суроо


Сокулук районунда
Ысык-Көл районунда
Ат-Башы районунда

Арстанбап токоюна бара жаткандагы тоннелди атаңыз...

Арстанбап токоюна бара жатканда сиз Жаңгак тоннели аркылуу өтөсүз. "Жаңгак тоннели" деп расмий аталыш албаганы менен, көпчүлүккө ушундай ат менен белгилүү. Тоннелдин узундугу 2,5 чакырымдан ашуун. Ал Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айылдарына кеткен жолдо жайгашкан.

Кийинки суроо


Көлбаев атындагы тоннель
Арстанбап тоннели
Жаңгак тоннель

Алтын кени да жайгашкан, тарыхый баалуулугу да жогору жаратылыш паркы кайсы?

"Саймалуу-Таш" улуттук жаратылыш паркы 2007-жылы түзүлгөн. Тогуз-Тородогу "Саймалуу-Таш" улуттук паркынын аймагында жайгашкан "Кылдоо" кен участогунан алтын казуу маселеси коомчулуктун талкуусуна түшкөнү маалым. Кен казуучулар ишмердүүлүгү тарыхый эстеликтерге зыяны тийбейт дешкен. Жаратылыш паркынын жалпы аянты — 32 миң гектарга жакын. Анда б.з.ч.3 миңинчи жылдыктан биздин замандын орто кылымдарына таандык эстелик сүрөттөр, таш бетине чийилген сүрөттөр бар.

Кийинки суроо


"Жер-Үй" кени
"Саймалуу-Таш"
"Кумтөр"

Сары-Челек коругунда канча көл бар?

Сары-Челек биосфералык коругунда 7 көл бар. Алар Сары-Челек, Кылаа-Көл, Ири-Көл, Арам-Көл, Чөйчөк-Көл, Бакалы-Көл, Туюк-Көл. Ошондой эле Кожо-Ата дарыясы да агып, Нарын дарыясына куят.

Кийинки суроо


1
7
10

Тайлак баатырдын 220 жылдыгы кайсы жайлоодо белгиленген?

2016-жылы 30-июлда Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленген.

Кийинки суроо


Кара-Шоро
Соң-Көл
Суусамыр

Кыргыз жеринде спорттун рафтинг түрү кайсы аймакта уюштурулуп келет?

Рафтинг - шаркырап аккан сууда атайын рафттарга отуруп агым менен жүрүү. Гид белги бергенде отургандар баары чогуу колу менен сууну шилеп, алдыга жүрүшөт. Чүй жана Чоң-Кемин сууларында рафтинг турлар популярдуу болуп келет.

Кийинки суроо


Чүй облусу
Ысык-Көл облусу
Талас облусу

Ак барс, сүлөөсүн, күрөң аюу, ителги байырлаган "Саркент" улуттук паркы кайсы облуста жайгашкан?

"Саркент" улуттук паркы Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан. Жалпы аянты 40 миң гектарды түзөт. Паркта 5 көл бар. Ал туристтерди өзгөчө коюу арчалары, таза абасы менен кызыктырат.

Кийинки суроо


Ош облусунда
Нарын облусунда
Талас облусунда
Баткен облусунда

Бул ырда кайсы жайлоо жөнүндө жазылган? "..... - кенен жайлоо, эс алууга барганга, Достор менен көңүл ачып, оюн-күлкү салганга".

Ыр Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Шоро жайлоосу жөнүндө жазылган.

Кийинки суроо


Кырчын
Кара-Шоро
Суусамыр

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Instagram

Дмитрий Медведев өзүнүн Instagram'дагы баракчасына Ала-Арча капчыгайын жарыялаган. 2016-жылы Кыргыз мамлекетине болгон иш сапарында аталган капчыгайда болуп, сүрөттү илгенден 11 сааттан кийин 51 миң "жакты" белгисин топтогон.

Кийинки суроо


Кегети
Григорьев
Барскоон
Ала-Арча

Көпкөк түстөгү көлү менен айырмаланган "Беш-Таш" жаратылыш паркы кайсы облуста жайгашкан?

"Беш-Таш" жаратылыш паркы Талас облусунда жайгашкан. Жалпы аянты 30 миң гектар жерди ээлеп, өзгөчөлүгү - парктагы капчыгайларда 800 түрдүү өсүмдүктөр бардыгында. Андагы Беш-Таш суусу тунуктугу менен туристтерди кызыктырат.

Кийинки суроо


Баткен
Талас
Ысык-Көл

Суусамыр өрөөнү аркылуу кайсы дарыя агып өтөт?

Суусамыр өрөөнү аркылуу Көкө-Мерен дарыясы агып өтөт. Анда спорттун экстремалдык түрүн жактыргандар үчүн рафтингди уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар.

Кийинки суроо


Кара-Дарыя
Нарын
Көкө-Мерен

Кыргыз өлкөсүндө канча зоопарк бар?

Кыргыз өлкөсүндө бир гана зоопарк бар. Ал Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан. Зоопарк 1987-жылы негизделген. Анда 130дай жаныбар кармалат.

Кийинки суроо


3
жок
1
5

Маралдарды сактап калуу максатында негизделген улуттук парктын атын атаңыз...

2001-жылы негизделген "Салкын-Төр" улуттук паркы Нарында жайгашкан. Анын аянты 10,5 миң гектарды ээлейт. Мында келгендер Кара-Үңкүр үңкүрүнө, тарыхый Дөбөлү адырынын, Курга булагынын кооздугуна суктана алышат.

Кийинки суроо


Каратал-Жапырык
Салкын-Төр
Кыргыз-Ата
Чоң-Кемин

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
28.06.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
67 балл, ушундай тесттерден билбеген маалыматтарды билип алганга жакшы шарт тузулот.
28.06.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мяя туура 8 ката 7 дейт го. Коп нерсени билбейткенбиз да
28.06.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 балл
28.06.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
40балл
28.06.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
60 балл,анан мени Абдан кейиткен нерсе зоопарк КР боюнча 1 эле экен/мен ойлогом 10го жакын деп((
28.06.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
12 туура,3 ката.80 упай.
28.06.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 балл
28.06.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
100 балл
28.06.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
алдаптырго 100 анан 80 анан 74 балл деп. Эркекче жазам 54 балл
28.06.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Das151193,башын иштебесе54 болот да
28.06.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67 зорго, баарын билем деп ойлогон элем
28.06.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура жооп 7
28.06.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 балл 9туура
10.08.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
05.12.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Позор 54 балл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: