super.kg logo

Түрктөрдүн "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы эмне үчүн бүтүп калды?

 

Түрктөрдүн "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara Sevda") сериалы эмне үчүн бүтүп калды? Бул тууралуу маалыматты Түркиянын Хабер 7 басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта белгилүү болгондой, баары сүйүп, артынан кууп көргөн "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы "Ay Yapım" продюсердик компаниясы тарабынан экрандаштырылып, Түркиянын "Star Tv" телеканалы аркылуу көрсөтүлүп жаткан. Аталган компания менен телеканалдын ортосунда бирдиктүү келишимдер бар болчу. Тасма популярдуулукка ээ болуп көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгону талашсыз. Ошол себептен "Ay Yapım" продюсердик компаниясы сериалды көрсөтүп жаткан телеканалдан келишимде көрсөтүлгөн суммадагы каражатты толук төлөөнү талап кылган.

Тилекке каршы, "Star Tv" өндүрүмдү төлөп берген эмес. Ошол эле учурда сериалдын 3-сезонуна жазылып жаткан сценарийи "Ay Yapım" жетекчилигине жакпай калган. Телеканалдан сумманы өндүрө албай калган продюсердик компания сериалды элдин эсинде кала тургандай кылып бүтүрүүнү көздөп, башкы делген каармандардын өлүмү менен аяктатты.

Сериалдын өкүнүчтүү соңу кууп көргөн көрармандарга жаккан жок. Арасынан "сериалды көрбөй эле койсом болмок" деп өкүнгөн, Ниханга (Неслихан Атагүл) кошулуп алып ыйлаган, ал тургай Кемаль (Бурак Өзчивит) өлүп калды деп эмдигиче "аза күтүп" жаткандар аз эмес. Демек, "Ay Yapım" өз максатына жетти - сериал көпчүлүктүн эсинде сакталып калды.

Эске салсак, аталган сериалдын 2-сезонунун акыркы 74-бөлүмү 21-июнь күнү "Star Tv" телеканалы аркылуу коомчулукка көрсөтүлдү. Тасма башка телеканалдар аркылуу көрсөтүлбөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.06.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Менин сүйүтүүмүн ыйлап атып көргөн сериалы да
24.06.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
3-чу сезону куздо чыгып баштайт Деп жатышат. Дагы бир нерсени ойлоп Кемальды тируу кылып деле тартып коюшу мумкун. Кээ бири Кемальдын тушу болуп калат дешет. Коргондордун баарын нааразы кылбай. Бир нерсе кылып узартып койсо Жакшы болмок.
24.06.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атамбаев уруксат берсе тартышат!
24.06.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эхх азыркыга чейин ишебейсинго
25.06.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кемал менен Эмир минаны басып калганда Эмирди эмес Кемалды куткарып(ЭМИРДИН ОРДУНА КЕМАЛ КУТКАРЫЛЫШ КЕРЕК ЭЛЕ) , Эмир жарылып кетип акыры Кемал менен Нихан бактылуу жашап калса... Эн жакшы биз ойлогондой, эсте калаарлык ХАППИ ЭНДИ болмок.
25.06.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир адамды,кинону деп шороктоп ыйлап отура бербей,барып Аллахтан кылган куноолорго кечирим сурап ыйласанар болмок!
25.06.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуптур
03.07.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Kara sevda" dep tursa nege kirgizchasin "Туболуктуу суйуу" dep kotorup koyuwkan?
Aynura87 түзөттү 2017-07-03 19:59:25
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: